Москва районунда имамдардын билим деңгээлине көңүл бурулууда

Чүй облусуна караштуу Москва районунун баш имам хатиби Искендер ажы Жакеевдин демилгеси менен, райондогу имамдардын диний билимин жогорулатуу максатында имамдар үчүн жумасына бир ирет диний сабак өтүлүүдө. Сабакты Москва районунун баш имам хатиби Искендер ажы Жакеев өтүп, ага Москва районунун имамдары катышууда. Баш имам хатибдин билдирүүсүнө караганда, сабак негизинен фыкх маселелери боюнча жүрүп, мындан башка дагы диний темада баяндамалар жасалууда.

«Имам – жол баштоочу, туура багыт берүүчү инсан болуш керек. Өзү билбей турса, өзгөлөргө эмнени айтып, кеңеш бере алмак эле. Ошондуктан, айылдагы имамдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу максатында сабагыбызды баштаганбыз. Кудайым буюрса жылыш өтө жакшы. Айрым имамдардын жашы улуу болсо да, илим алуу эч качан кеч эмес деп, улуу башын кичүү кылып, сабактарга катышып жатышат», — деди Москва районунун баш имам хатиби Искендер ажы Жакеев.

Эскерте кетсек, Чүй казыяты КРнын Коргоо Кеңешинин жана 2014-2020 – жылдарга карата кабыл алынган КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциясын ишке ашыруу максатында имамдардын билим деңгээлдерин жогорулатуу үчүн, облус боюнча жер жерлерде имамдар үчүн окуу сабактары уюштурулууда.