Шариятка ылайык малды союнун шарттары

Алла Таала адал болгон жан-жаныбарларды жана куштарды тамак-аш азык үчүн колдонгонго уруксат берди. Мал жандыктарды жеш үчүн Куранда жана  Пайгамбарыбыздын (САВ) сүннөттүндө аларды союнун жол-жоболору көрсөтүлгөн. Алла Таала жараткан жан-жаныбарлар адамзаттын пайдасы үчүн гана жаралган, себеби адамзат Кудай Тааланын жараткан эң шарапаттуусу, урматтуусу жана абройлуусу. Мусулман адам малды каалагандай сойбостон анын эрежелерин толук сактоосу керек. Ушундан улам малды же канаттууну союда төмөнкү талаптарга токтолобуз.

Шариятка ылайык малды союнун шарттары:

1-малдын жанын чыгаруу жолу

2-малды союп жатканда Алланын ысмын айтуу

3-малды мууздап жаткан адам мусулман же китеп ээлеринен болушу.

Малды союнун 2 түрү бар:

1-ыктыярдуу абал.

2-зарылчылык абал.

А) Зарылчылык абал:

Зарылчылык абал бул колдогу мал жапайы болуп кетсе же кудукка түшүп кетип мууздай турган жагынан муздаганга мүмкүн болбосо – ушундай абалдарда малдын кайсы гана жеринен кесүү зарылчылык абал болуп эсептелет.

Б) Ыктыярдуу абал: 

Малды союу туурасындагы хадистер

Рафи бин Хадижден риваят кылынат узун хадисте: Анын чоң атасы Алланын элчисинен — ага Алланын саламы жана салаваты болсун:

  • Биз камыш менен мууздайбызбы дегенде?
  • “Канды эмне чыгарса жана Алланын ысмы эскертилсе анда аны же”- деген. (Бухарий 5498).

Ибн Аббас менен Абу Хурайра риваят кылат:

“Алланын элчиси шайтандын мууздоосунан тыйды. Ал малдын териси гана кесилип калган тамырлар кесилбейт да жаны чыкканга чейин ошондой абалда калат” (Абу Дауд).

Имам Касаний кесилүүчү тамырлар бул деген:

1-кекиртек.

2-кызыл өңгөч.

3- эки күрөө тамыр.

Мууздай турган курал

Мууздай турган курал оордугу менен эмес курчтугу менен союшу керек. Бычак болушу шарт эмес, таш болобу жыгач болобу же темир болобу мизи бар болуусу шарт.[1]

Эгерде кимдир бирөө бычак менен жүлүнгө чейин мууздаса же малдын башын кесип салса мындай иш макрух бирок этти жегенге уруксат.[2]

Малды мууздап жатканда Алланын атын атоо

 Бардык аалымдар малды мууздап жатканда сөзсүз Алланын ысмы эскертилиши керек деп айтышкан. Эгер атайлап айтпай койсо анда Абу Ханифа, имам Ахмад, имам Малик жана көптөгөн аалымдардын чечиминде мал адал болбойт. Эгер Алланын атын атаганды унутуп калса анда Ханафи жана Малики мазхабында мал адал болуп эсептелет. Бул маселеде үй малдары менен жапайы жаныбарлардын айырмасы жок.

Мууздала турган мал бирден көп болсо анда “Бисмиллахи Аллаху Акбар”-деп ар бир малга айтып мууздоо керек.

Эгерде мууздалган мал бооз болуп курсагындагы баласы тирүү болсо анда аны да мууздоо керек. Эгер өлүк болсо аны жегенге болбойт.

Мууздачу адамга байланыштуу шарттар

Шарият талабына жараша мууздоонун эрежесинин бири, мууздап жаткан адам акыл-эстүү мусулман же китеп ээлеринен болушу керек. Мушриктердин жана башка каапырлардын мууздаганы жарабайт. Бул маселеде эч кандай талаш-тартыш жок. Жада калса бул маселени бардык аалымдардын чечими бир деп айткандар да бар.

Имам Жассас: Эгер мушриктер малды мууздаганда да Алланын атын аташса да мууздагандары желбейт-деген.

Китеп ээлери алар –иудейлер менен христиандар. Китеп ээлери сойгон малдар адал. Буга далил Алла Таала Курани каримде “Китеп ээлеринин тамактары силер үчүн адал..”-деген.[3] Тамактары дегенден максат алардын сойгон мал-жандыктары. Сойбостон малды уруп же муунтуп же башка жолдор менен жанын чыгарган малдар адал эмес.

Ханафи жана Ханбали мазхабында малды союда китеп ээлеринин Алланы ысмын айтуу шарт.

Биздин доордо өзгөчө батыш тарапта жашагандардын аттары христиандардын аттарындай. Алар статистикада христиан катары катталышат. Бирок алар чындыгында материалист акыретке ишенбегендер. Башка ишенимдерди айтпай эле коёюн, Жаратуучу бар экенине ыйман келтиришпейт. Жада калса алар диндерди маскаралашат, чындыгында мындай адамдар христиан эмес. Буларды китеп ээлеринен деп эсептегенге болбойт. Алардын сойгон малдары адал эмес.[4]

Малды муузадагандын билинбеген абалы

  • Эгер Ислам өлкөсү болсо, тактап айтканда көпчүлүк эл мусулман болсо, малдын кандай мууздалганын же малды мууздоодо Алланын ысмы айтылганын же айтылбаганын билбесек да, ал эттерди жеген адал. Себеби Ислам өлкөсүндөгү эттер шарият өкүмдөрүнө дал келет деп эсептелинет. Биз мусулмандар туурасында жакшы ойдо болууга буйрулганбыз.[5]

Буга негиз Аиша энебиздин хадиси -Алла андан ыраазы болсун- бир топ адам келип Алланын элчисине “Бизге адамдар эт алып келишет биз билбейбиз ага Алланын ысмы айтылганбы же айтылган эмеспи”-дегенде, ал: “Ага Алланын ысмын айткыла да жегиле”-деген. Аиша: алар жаңы эле динге кирген болчу – деп айткан.[6]

  • Эгер өлкөнүн жашоочуларынын көбү китеп ээлеринен болбогон каапырлар болсо анда мусулмандарга базарлардагы этти жегенге болбойт. Эгерде бул малды мусулман же китеп ээлеринен бирөө шарияттын талабына ылайык мууздаган болсо анда жесе болот.
  • Эгерде өлкөдө мусулмандар, отпарастар жана башка диндегилер аралашып жашашса анда эттин адал экендигин тактамайынча жегенге болбойт.
  • Эгерде өлкөнүн көпчүлүгү китеп ээлеринен болсо анда мусулман өлкөсүндөй эле алардын мууздаган малын жегенге болот. Бирок китеп ээлери малды талаптагыдай мууздабайт экендигин ачык-айкын

билишсе анда ал этти жегенге болбойт. Көпчүлүк батыш өлкөлөрүндө ушундай абал.[7]

Бул кыскача макалада малды мууздодогу эрежелерге жана коомчулуктагы эттин кандай өкүмдө болооруна токтолдук. Аз да болсо бул маселени билбегендер билип, Кудай Тааланын ыраазычылыгына чогу арзыйбыз деген үмүттөбүз.

[1] Бухус фи кадая муасира 1/377.

[2] Ал-хидая шарху бидаятул мубтади 4/397.

[3] Мааида 5.

[4] Бухус фи кадая муасира 1/403.

[5] Бухус фи кадая муасира 1/404.

[6] Сахих Бухарий 5507.

[7] Бухус фи кадая муасира 1/406.

 

Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Токтогазы уулу Бактыяр.