Чүй казыятына караштуу хатибияттарда имамдардын айлык жыйыны болуп өттү

Чүй облусунун мусулмандар казыятынын карамагындагы район жана шаардык хатибияттарда, аймактагы имамдардын отчеттук жыйындары болуп өттү. Аталган жыйын бардык хатибияттарда ай сайын өткөрүлүп, имамдар өткөн айда аткарган тапшырмалары боюнча отчетторун тапшырышты.

Жыйында негизги маселе болуп «Ажылык-2020», мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү, имамдардын кагаз түрүндө тапшырган отчеттун жаңы үлгүсү менен таанышуу, мечиттерди жылуулоо, кирип келе жаткан жаңы жылга иш план түзүү маселелери каралды.

Ошону менен катар имамдар КМДБ жана казыят тарабынан чыгарылган буйруктарды аткаруу жана кийинки айга кандай иштерди жасоо боюнча тапшырмалар берилди.