Чүй облусу боюнча ажылык сапарына баруучу жарандар кимге кайрылса болот? Байланыш номерлери

Чүй облусу боюнча 2020-жылына карата ажылык амалын аткарууну ниет кылган жарандарды каттоо иши кызуу жүрүп жатат. Ажылыкка катталуучулар алгач РСК банкына 500 доллар төлөп, кезеке турушууда. Учурда облус боюнча жети жерде каттоо жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Чүй облусу боюнча ажылыкты уюштуруу иштеринин куратору Ташболот ажы Курманов билдирди.

Ажылыкка аттанган жарандар, өздөрүнүн райондоруна тиешелүү төмөндөгү операторлор менен байланышып, Ыйык сапарга кезекке турса болот:

  • Аламүдүн району боюнча – Кабир Фазилов (0704722633)
  • Ысык-Ата району боюнча – Алым Байгазиев (0555260914)
  • Кант шаары боюнча – Пазылбек Абдурахманов (0550454285)
  • Москва району боюнча – Акылбек Күмүшбеков (0550416310)
  • Сокулук району боюнча – Бектен Зарылбеков (0706337711)
  • Жайыл жана Панфилов райондору боюнча – Болот Нышанбаев (0552302299)
  • Токмок шаары, Кемин жана Чүй райондору боюнча – Кифаят Аширматова (0708274663)

Эске сала кетсек, ажылыкка баруучу жарандарды каттоо 2019-жылдын 30-декабрына чейин кечки саат 17:00гө чейин жүргүзүлмөкчү.