«Балдарга ыйман тарбиясын берүү, сабатсыздыгын жоюу ата-эненин милдети”,- Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев

Кечээ, 19-декабрда Жалал-Абад облустук казыятынын Ала-Бука районунун баш имам хатиби  Шумкарбек ажы  Чыналиев райондун “Ак-Там” айыл өкмөтүнө караштуу Низамидин Бекмамбетов атындагы №5 орто мектебинде окуган окуучулардын ата-энелери менен жолугушту.

РИИБнүн кызматкери Рана Нематуллаева жана айыл өкмөттүн  кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн чогулушта Шумкарбек ажы “Кылмыштуулуктун  алдын алуу” жана “Балдарга туура тарбия берүү” деген темада баяндамасын жасады.

 “Урматтуу  ата-энелер! Биздин ата-эне тандоо укугубуз жок, ал эми татыктуу ата-эне болуу  бул биздин колубузда.  Баланы баккан башка маселе, тарбия берген башка маселе. Ошондуктан ислам динибизде балага жакшы ысым койуу, ыйман тарбиясын берүү, сабатсыздыгын жойуу ата-эненин милдети”, -деди Шумкарбек ажы  Чыналиев.