Кара-Буура районунун баш имам хатиби Майрамбек ажы Казакбаев: «Ар бир бала үйдөн жетиштүү тарбия алышы үчүн ата-энелер балдарга көп көңүл буруу керек»

Талас облусунун Кара-Буура районунун баш имам хатиби Майрамбек ажы Казакбаев Азимкан Сулайманов атындагы орто мектебинин окуучулары жана ата-энелер менен жолугушуту.

Жолугушууда баш имам хатиби Майрамбек Казакбаев окуучулар арасындагы суицидди жана рекетчиликти алдын алуу жана эрте никеге турууну токтотуу боюнча баяндамасын жасады. «Урматтуу окуучулар бир иш кылаардан алдын терең ой жүгүрткүлө. Мусулмандын мусулманга үч нерсеси арам деп айтылат. Аброю, каны жана мал-мүлкү. Андыктан  бири бириңердин буюмдарыңарды рекетчилик кылуу менен тартып алуудан сактангыла»,-деди Майрамбек ажы.

Мындан тышкары ар бир бала үйдөн жетиштүү тарбия алышы үчүн ата-энелер балдарга көп көңүл буруу зарылдыгы баса белгиленди.