Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев имамдардын кварталдык жыйынына катышты

Кечээ, 18-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районунун Саткей айылындагы «Жумабек уулу Артисбек» мечитинде жалпы имамдардын кварталдык жыйыны болуп өттү.  Жыйынга Талас облусунун мусулмандар казысы  Таалайбек ажы Бапиев, казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, район баш имам хатиби Майрамбек ажы Казакбаев  жана жалпы имамдар катышты.

Жыйындын башында район баш имам хатиби Майрамбек ажы Казакбаев жалпы район боюнча мечиттерди каттоодон өткөрүү, жаңы бүткөн мечиттер туурасында жана имамдардын бир жыл ичинде аткарган жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Андан соң облус казысы Таалайбек ажы Бапиев Кара-Буура районундагы жалпы имамдардын бир жылдык отчётун кабыл алды. Ишти жакшыртууда төмөнкү маселелерге көңүл бурууга чакырды.
1) Мечиттердин ички жана тышкы тазалыктарына көңүл буруу.
2) Каттоодон өтө элек мечиттердин документтерин тез арада бүтүрүү.
3) Аймактарды өнүктүрүүдө, элдин руханий жан дүйнөсүн байытып, өркүндөтүүдө, исламдын баалуулуктарын жайылтууда, ыйман-адепти даңазалоодо имамдардын ролу чоң экендигин баса белгиледи.

Жыйындын аягында облус казысы имамдардын иштерине ийгилик каалап, келерки жылы иш-чараларды мындан дагы жогорку деңгээлде аткаруулары зарылдыгын белгиледи.