Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев аким менен жолугушуп, ысырапкерчилик менен биргеликте күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Кечээ, 18-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун баш имам хатиби  Шумкарбек ажы Чыналиев Ала-Бука районунун акими  Эмилбек Абдыкадыров  жана аксакалдар кеңешинин төрагасы Самат Максымбеков  менен жолугушту.

Жолугушууда  элибиздин социалдык жактан абалын  жакшыртуу максатында тойлордогу жана маркум узатуудагы ыксыз чыгымдарды кыскартуу туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ысырапкерчилик менен күрөшүүдө жергиликтүү бийлик менен дин кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы айтылды.

Ошону менен бирге райондогу каттоодон өтө элек мечиттердин документтерин бүтүрүүдө жергиликтүү бийлик органдарын дагы көмөктөшүүгө чакырды. Ал эми райондун акими  документ иштерине жардам берүүгө убада кылды.