Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Кыргызстан Ислам университетинин алдындагы Ош колледжинин студенттери менен жолугушту

Бүгүн, 18-декабрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Кыргызстан Ислам университетинин алдындагы Ош колледжинде Матуриди акыйдасы боюнча баяндамасын жасады. Иш-чарага КИУнин Ош колледжинин филиалынын жетекчиси Зайырбек Калыков жана колледждин студенттери катышты.

Студенттер менен болгон жолугушууда Самидин кары Атабаев алгач Ислам динин негизги түркүктөрүнөн болгон Аллага, периштелерге, китептерге, Пайгамбарларга, акырет күнүнө, тагдырга, жакшылык менен  жамандыктын Алланын уруксаты менен болооруна жана өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө токтолду. 

«Жараткандын бар жана бир экендигинин далилдери аябай эле көп. Мисалы бир эле адамдын жүрөгү деңиздей болгон сууну да айланта алат. Ошондой эле бир адамда жайгашкан кан тамырлар, дүйнөнү айлантууга жете турган узундукта экендиги илимий чөйрөдө далилденген»,- деди Самидин кары Атабаев.