Аравандын Сары-Таш айлындагы жаңы мечит пайдаланууга берилди

Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылдык аймагында караштуу Сары-Таш айлында жаңы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов, Төө-Моюн айылдук округуна караштуу мечит имамдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып  андан соң келген коноктор өзөдөрүнүн куттуктоолорун айтышты. Араван районунун баш имам хатиби Алибек Жусупов мечит куруунун соопторуна токтолуп, айыл тургундарын жаңы мечити менен куттуктады.

«Пайгамбарыбыздын (с.а.в) чымчыктын уясындай болсо да мечит кургула деген хадиси бар эмеспи. Чакан болсо да өз күчү менен мечит курган жеке ишкерлерибиздин саны күн сайын көбөйүүдө. Жараткандын ыраазычылыгын табуунун жолдору аябай эле көп. Мечит куруу алардын эң негизгилеринин бири болуп саналат», — деди Алибек  Жусупов.