Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов нике каттоо журналын колдонбогон имамдарга эскертүү берди

Ош облусунун мусулмандар казыятынын Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов имамдардын ишмердүүлүгү менен таанышып, нике каттоо журналдарын колдонуу боюнча текшерүү иштерин жүргүздү. Анын алкагында айрым нике журналдарын колдонбогон имамдарга эскертүүлөрдү берди.

«Жашы 18ге толо элек жарандарга нике кыюуга тыю салынат. Никени өздүк документин тастыктаган пасторт менен гана кыюу зарыл. Шариятта Имам эмес бирок илими бар адамдар да нике кыя алат. Алар да нике журналдарын колдонууга тийиш», — деди Алибек Жусупов.

Мындан тышкары имамдарды ысырапкерчилик менен күрөшүү жана элди ынтымакка, биримдикке чакырган баяндарды өткөрүү учур талабы экени белгиленди.