Ош облусунун мусулмандар казыятынын фатва бөлүмүнүн адиси Нургазы ажы Эрматов: «Нике-талак маселесине кылдаттык менен мамиле кылуу керек»

Ош облусунун мусулмандар казыятынын фатва бөлүмүнүн адиси Нургазы ажы Эрматов Кара-Кулжа районунун борбордук мечитинде нике-талак маселеси боюнча имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чарага Кара-Кулжа районунун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаев, хатибият кызматкерлери, мечит имамдары жана жергиликтүү жарандар катышты.

Жергиликтүү жамаат менен болгон жолугушууда Нургазы Эрматов коомчулукта орчундуу болгон нике менен талак тууралуу айтып, фатва бөлөмүнө кайрылган жарандардын 95%ы дал ушул маселе боюнча кайрылышаарын баса белгиледи.

«Казыятка кайрылгандардын көпчүлүгү жаш үй-бүлө жана алардын негизги көйгөйү неки менен талак. Айрымдарынын турмуш курганына бир жыл толбостон ажырашабыз деп даттанышат. Биз аларга белгилүү мөөнөт беребиз, балким алар жаштык кылбай терээң ойлоноор. Айрымдары күбөлөрү болбостон талак маселесин чечүүгө аракет кылышат. Мындай учурда жарандарды жолуктуруп андан соң шарияттын негизинде чечим чыгыруу кажет. Барыңыздарды нике-талак маселесине кылдаттык менен мамиле кылууга чакырамын», — деди Нургазы Эрматов.