Дарыланууну жүрөгүңдөн башта!

Урматтуу окурман, ооруган адам денесинин кайсы жери оорубасын, ал адегенде жүрөгүн дарылоодон башташы керек. Мындай дегени, ал бардык ойлор, сезимдер, ниеттер сакталуучу жүрөгүн рухий (нафсий) ооруулардан тазалашы керек. Тактап айтканда, жүрөгүн куфурлук, ширк, эки жуздуулук (рия) менен бирге ичи тардык, көрө албастык, жийиркенүү, текебердик, менменсинүү, кыянаттык, кызгануу, таарынуу, жинденүү, ачуулануу, өкүнүү, арман, ушак, гыйбат, шек-күмөн, үмүтсүздүк, кайдыгерлик, тынчсыздануу, коркоктук, жалганчылык, жек көрүү, кек сактоо сыяктуу нафсий ооруулардан тазартышы керек. Мына ошондо гана бул жүрөк бейишке татыктуу таза, саламат жүрөк болот. Адамдардын жан-дүйнөсүндө таза сезимдер, ойлор жана ниеттер гана болууга тийиш. Жүрөгү таза адамдын ыйманы да күчтүү болот. Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) айткандай, ыйманы күчтүү адамдын ар бир оорууга шыпаа берүүчү Алла Таалага болгон ишеними да күчтүү болот. Бул ишеним айыгуунун эң, биринчи кадамы болуп эсептелет. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көптөгөн адамдардын жүрөктөрү оорулуу бойдон кала берүүдө. Чындыгында, адамдын жүрөгүндөгү нафсий ооруулар жалаң гана терс ой-сезимдер менен ниеттерден турат. Алар дененин клеткаларына тынымсыз негативдүү информациялардын жөнөтүлүшүнө жана клеткалардын бузулушуна себеп болот. «Шибегени капка катсаң, баары бир тешип чыгат» дегендей, жаман ой, кек сактоо, жек көрүү, таарыныч сыяктуу зыяндуу сезимдерди ичиңе катсаң, ал да мезгили келгенде жүрөгүңдү сыздатып саюучу шибеге боло баштайт. Эми элестетип көр, кандай азап! Мындан артык азап барбы?!.. Ошондуктан жүрөгүндү «шибегелерден» тазарт! Аны көзүңдүн карегиндей сакта! Пайгамбарыбыз (САВ) да өз үммөтүн үч күндөн артык бири бирине таарынып жүрүүдөн бекеринен тыйбаган болсо керек?!.. Чындыгында, жүрөктө көпкө сакталган нафсий ооруулардан денеде ар кандай органикалык ооруулар пайда боло баштайт. Ал эми Мухаммад пайгамбарыбыз (САВ)  бул көрүнүштү төмөнкүчө баяндайт:

«Денеде муштумдай эт бар. Ал оңолсо, бүт дене оңолот. Ал бузулса, бүт дене бузулат. А бул жүрөк эмеспи?!»

Ой жүгүртүүнүн очогу болгон жүрөк канчалык таза болсо, дене да ошончолук таза болот. Дене ооруулардан айыгып, оңоло баштайт. Ошон үчүн жүрөктө дайыма таза ыйман, позитивдүү ой-сезим, жакшы ниет, келечек үмүт жана чын ыкластан айтылган дуба-тилектер гана болушу керек. Эгерде дүйнөдөгү ар бир жүрөк таза болгондо, анда жер жүзүндө ооруулар менен кылмыштар азайып, адамдар оңолуп, биз эңсеген бактылуу, бейпил турмуш башталмак.

Таза жүрөктөн чыккан энергия адамдын айланасында эки метрге чейинки радиустагы электромагниттик талааны пайда кылат. Бул жүрөгү таза адамдын жагымдуу аурасы болуп эсептелет.

 

Булак: Оору жана шыпаа китебинен.