Токмок шаарындагы «Скорпион» атайын багыттагы аскер түзүмүнүн өздүк курамына экстремизм-терроризм тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Чүй облусунун мусулмандар казыятынын иш башкармасынын башчысы Кубан ажы Бекешов, Токмок шаарында жайгашкан «Скорпион» атайын багыттагы аскер түзүмүнүн командири, подполковник Куштар Бакалчиев жана командирдин орун басары, майор Адилет Мусабаевтин чакырууусу менен, аты аталган аскер түзүмүнүн курамына экстремизм-терроризм, суицид туурасында түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү.

«Мекенди сүйүү – ыймандан, мекенди коргоо – ар бир жарандын милдети. Мекенди коргоп жүргөндөргө барып, колубуздан келишинче түшүндүрүү иштерин өтөп келдик», — деди Кубан ажы Бекешов.

Эске сала кетсек, «Скорпион» аскер түзүмүндө ушундай эле түшүндүрүү иштери жыл сайын өткөрүлүп келет.