Кара-Суунун Савай айылында 150 орундуу жаңы мечиттин ачылыш аземи болду

Кечээ, 17-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылдык аймагынын Савай айылында 150 орундуу Мухаммад-Умар атындагы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн өкүлү Бөрүмухаммед Эсенов, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, мечит имамдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Мечиттин ачылышы Куран окуу менен башталып, андан соң келген коноктор өздөрүнүн куттуктоолорун айтышты. Облус казысы Самидин кары Атабаев алгач аталган мечиттин тарыхына, мечит куруунун соопторуна токтолуп, мечит куруудагы салымын кошкон бардык жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

«Жергиликтүү тургундардын айтымына караганда бул жерге салынган эски мечит 1906-жылы алгачкы жолу курулган. Андан соң Улуу Ата-Мекедик согуш жылдарында бир ирет оңдолгон экен. Согуштан кийин толук кандуу оңдолбосо да айрым эскирген дубалдарын оңдоп түзөө иштери жүргүзүлгөн. Азыр бул жерге жаркыраган жаңы мечит салынып олтурат. Алла Таалам мечит салууга көмөктөшкөн бир туугандарыбызга береке берсин», — деди Самидин кары Атабаев.