Петропавловка айылындагы «Орозбек ажы» мечитинин жамааты суу тармагында эмгектенген кызматкерлерге жардам беришти

Чүй облусунун Жайыл районундагы Петропавловка айылынын «Орозбек ажы» мечитинин имамы Зиябидин Исаковтун демилгеси менен, аты аталган мечиттин жамааты, айыл ичиндеги жол жээгинде жарылып, иштен чыгып калган суу түтүктөрүң оңдошуп, айыл өкмөттүн суу тармагында иштеген кызматкерлерине жардам беришти.

«Аймактарды өнүктүрүү, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуу ар бир жарандын милдети. Айылыбыз үчүн бардыгыбыз кам көрүшүбүз керек. Ислам дини коомчулукка пайдалуу иштерди кылууга чакырат. Ошол себептен, жарылып калган түтүкчөлөрдү казып, аларды оңдоп, кайра көмгөнгө жардам бердик», — деди айыл имамы Зиябидин Исаков.