Кеминдин Жол-Булак айылындагы «Ынтымак» мечитине жылуулук системасы орнотулду

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Жол-Булак айылындагы «Ынтымак» мечитине жылуулук системасы орнотулуп, анын ички жасалгасы иретке келтирилди. Бул тууралуу Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев билдирди.

Анын айтымында, мечитке жылытуучу системаны орнотуп, жасалгалоо үчүн жалпысынан 110 миң сом сарпталган. Бул каражатты жергиликтүү айыл тургуну Кенжебек Исраилов өз чөнтөгүнөн чыгарган.

«Мечитке келген ар бир момун мусулман Аллах Тааланын мейманы болуп эсептелет. Эми мечитти жылуулап, келгендерге шарт түзүп берүү өтө чоң соопту иш. Аллах Таалам соопту ишке салым кошуп, көмөк көрсөткөндөргө эки дүйнө жакшылыктарын насип эткен болсун», — деди Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев.