Ош шаарынын №42 мектеп-гимназиясында “Толеранттуулук” деген темада тарбиялык саат өткөрүлдү 

Бүгүн, 18-декабрда Ош шаарынын №42 “Керме-Тоо” мектеп-гимназиясында “Толеранттуулук” деген темада тарбиялык саат өткөрүлдү. Ага окуучулардын ата-энелери, мугалимдер жана калаанын “Имам альБухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов дагы катышты.

Окуучулар менен болгон жолугушууда Мырза кары Осмонов жаштарды адептүүлүккө чакырып, келечек муунду тарбиялоодо ата-эненин жоопкерчилиги жогору экенин баса белгиледи.

“Келечек жаштардын колунда, ал эми жаштардын тарбиясына көңүл буруу биздин милдетибиз. Мына бүгүн тегерек стол, интеллектуалдык жарыш, тарбиялык саат жана ата-энелер үчүн уюштурулган семинарлардын пайдасы өтө чоң экендиги байкалып турат. Жаштарыбызды толеранттуу болууга чакырып, алардын адеп-ахлагын жакшыртуу үчүн ата-энелерге да семинар өткөзүлгөнү туура болуптур»,-деди Мырза кары Осмонов