Индонезияда Куран жарышы боюнча дүйнөлүк сынакта 3-орунду алган Ханифа Мирбек кызы ыраазычылык баракчасы менен сыйланды

Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Мирбек кызы Ханифа буга чейин дүйнөлүк Куран жарыштарында байгелүү орундарга ээ болгондугу үчүн Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин баш имам хатиби Мырза кары Осмонов ыраазычылык баракчасы менен сыйлап, белектерин тапшырды.

“Балдарыбызга Куран окууну үйрөтүүбүз, аны жаман иштерден кайтарганыбыз болуп саналат. Ханифанын ийгилиги биздин ийгилик. Андыктан улан-кыздарыбыз илим жолунда жүрүп, коомубузга салым кошуп, жаштарга өрнөк болуп жүрө беришине тилектешмин”-деди Мырза кары Осмонов. 

Белгилей кетсек, Мирбек кызы Ханифа ушул жылы кыздар арасында Египет мамлекетинде өткөрүлгөн Куран жарышында 1-орунга ээ болгон. Ал эми ноябрь айында Индонезия мамлекети тарабынан уюштурулган дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунга татыган.