Базар-Коргон райондук хатибияты аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 20 тонна көмүр  таратты

Жалал-Абад  облусундагы  Базар-Коргон  районундагы жергиликтүү айылдарда жашаган үй-бүлөлөргө кайрымдуулук жардам иретинде акысыз көмүр таратылды. Мындай сооп ишти аталган райондун тургуну, атын атагысы келбеген кайрымдуу инсандын жардам катары 20 тонна көмүр аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө тартылып берилди.

Аз камсыз болгон бир туугандарыбыз көмүр тараткан жарандарга жана Базар-Коргон райондук хатибиятына терең  ыраазычылыгын билдиришти.

«Аллах Таалам кээ бирин байлык берип сынаса, кээ бирин кембагал кылып сынайт. Байларыбыз  муктаждарга көмөк көрсөтүп, жардам бергендери кубанычтуу көрүнүш. Кайрымдуу жарандарыбыздын жардамы менен  жалпысынан 40 тонна көмүр таратылды. Жакшылык кылгандардын өтүнүчү менен алардын аты-жөнүн айткан жокпуз. Элибизде ушундай эл камын ойлогон азаматтарыбыз көбөйө берсин», — деди баш имам хатиб  Тынчтыкбек ажы Шаиков .