Замзам cyycу — ооруларга шыпаа

Сөздөрдүн эң мыктысы — Курани Каримдеги Алла Тааланын Ыйык Сөздөрү болгондой, дүйнөдөгү суулардын эң, мыктысы бул — Мекке шаарындагы Замзам суусу болуп эсептелет. Какыраган чөлдө пайгамбар Ибрахим алайхис-саламдын доорунан бери агып жаткан бул суу дарылык касиетке ээ болгон суу. Аны кандай ниетте ичсең, ошол ниетиңе жетесин. Туура жолдо болоюн деп ичсең, туура жолдо болосун. Курсагым тойсун деп ичсең, курсагын, тоёт. Ооруума шыпаа болсун деп ичсең, оорууңа шыпаа болот. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) төмөнкү хадистерди айтып кеткен:

«Чындыгында, ал (Замзам суусу) берекелүү. Ал тамактын ордуна тамак болуп, оорууларга шыпаа болот»

 «Эгерде аны (Замзам суусун) шыпаа сурап ичсең, Алла сага шыпаа берет. Жамандыктан коргоосун суранып ичсең Алла сени коргойт. Суусаганыңды кетирүү үчүн ичсең, Алла сенин суусаганыңды кетирет»

Замзам суусу булак болуп чыккандан бери дүйнөнүн миллиарддаган адамдары ичкен суу катары белгилүү. Мусулмандар бул сууну ичкенде, өйдө туруп, кыбылага жүздөнүп, «бисмилла» деп, жакшы ниеттер жана дуба-тилектерди айтып ичишет. Аны үч жолу

уурттап, дем алуу менен ичиш керек. Биз бул сууга да позитивдүү дубаларды айтып, андан соң, ичебиз. Ал да бизге позитивдүү сезимдерди алып келет. Алар бизге дары болот. Алар биздин ар бир клеткабызга азык болуп, иммунитетибиздин көтөрүлүшүнө

себеп болот. Элдердин арасында бул сууну айыгып кетүү ниетинде чын ыклас менен ичип, айыгып кеткендер көп.

Замзам суусу дүйнөдөгү эң, таза, ден соолукка пайдалуу, оорууларга шыпаа, суусаганды кандырган, тоюмдуу, минералдарга бай, составында бир да микроорганизмдер менен бактериялар табылбаган дүйнөдөгү жалгыз таза суу болуп эсептелет.

Замзам суусу менен дарылан

Алла Таала баарыбызга туура жолго хидаят берсин!

(Аллоохумма аринал-хакко хаккон, уарзукнаа иттибаа-ъаху,
уа аринал-баатыла баатылан, уарзукнаа ижтинаабаху)

«Оо Аллахым, бизге акыйкатты акыйкат кылып көрсөтүп, аны ээрчүүнү бизге насип кылгын. Акыйкат эмести акыйкат эмес кылып көрсөтүп, андан алыс болууну бизге насип кылгын!»

 

Булак: Оору жана шыпаа китебинен.