Жапалак муниципалдык аймактык башкармалыгында ысырапкорчулукка каршы күрөш кызуу жүрүүдө

Кечээ, 16-декабрь күнү Ош шаарынын Жапалак муниципалдык аймактык башкармалыгында жыйын болуп, анда Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Алишер Ажибаев, Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов, муниципалдык башкармалыктын кызматкерлери, мектеп директорлору жана айыл башчылар катышты.

Жыйында баш имам хатиб Исак ажы Юнусов Жапалакта жүргүзүлүп жаткан ысырапкорчулукка каршы күрөшүү иштери боюнча токтолуп, анын азыркы учурда кандай абалда экендиги менен таанышып, ар бир айылда айыл башчы жана мечит имамы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керектигин айтты.

“Ысырапкорчулук боюнча өткөзүлгөн атайын жыйындын чечими менен Жапалакта маркумдун үйүнөн айыл тургундары үчүн тамак-аш берилбей турган болгон. Мына ошол чечимдин иш жүзүндө ашып жаткандыгы баарыбызга сүйүнүчтүү кабар десем жаңылышпайбыз. Мына бул ишти токтотпостон, эл менен тыгыз байланышта иш алып барууга даярмын”,- деди Исак ажы Юнусов

Айта кетсек, ысырапкорчулук боюнча өткөрүлгөн жыйындын чечими менен маркумдун үйүндө жылкы, уй, торпок жана башка жандыктарды сойуу токтогондугу, алыстан келгендер үчүн гана бир кой менен чектелгендиги иш жүзүндө бир нече жолу аткарылгандыгын айыл башчылар тастыкташты.