Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев ата-энелер жана окуучулар менен жолугушту

Кечээ, 16-декабрда Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын түзгөн графигинин негизинде, Кум-Дөбө айылынын К. Мырзабеков жана  Шамшы айылындагы О. Айбашев атындагы орто мектептеринин ата-энелери жана окуучулары менен чогулуш болуп өттү.

Чогулушка Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык коргоо кызматкери Наргиза Мамытова, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Асылкүл эже, РИИБнүн ЖӨИИнын инспекторлору Айтбек Калиев жана Максат Ибраев, Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев катышты.

Жыйында кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, билим сапатын жогорулатуу максатында болду. Анда тиешелүү тармактардын адистери акыл насаат сөздөрүн айтып, илим тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Ал эми Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев ата-энелерди бала тарбиялоодогу милдеттерин аткарууга чакырып, эрте никеге туруудагы ата-энелердин жоопкерчилигин айтып, келечекте илим-билимдүү, адеп-ахлактуу, ыймандуу жаштардан үмүт кылаарын белгилеп өттү.