Ош шаарындагы мектептерде адеп-ахлак туурасында тарбиялык сааттар өткөрүлүүдө

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов №26 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин жогорку класс окуучуларына “Адеп-ахлак” туурасында тарбиялык саат өткөрүлдү.

Лекциянын алкагында “Энеке” деген таасирдүү видеоролик көрсөтүлүп, ата-энени сыйлоо, улууну урматтап, кичүүнү ызаттоо боюнча баяндамасын жасады.

“Эне-үйдүн куту. Мына ошондуктан энелерибизге ар дайым жакшы мамиле жасообуз керек. Бейиш эненин ыраазычылыгында экенин унутпайлы”, -деп баса белгиледе М. Осмонов.