Ысык-Көл облусунун казысы 2020-жылына карата иш-чаралардын мерчемин бекитти

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков шаар- райондук баш имам хатибдер менен жолугушуп, 2020-жылы ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча ар бир баш имам хатибге бир катар тапшырмаларды берди.  

“Мезгилдин талабына ылайык, ишмердүүлүктү жакшыртуу менен бирге, имамдардын, дааватчылардын билимин жогорулатуу, ысырапкерчиликти алдын алуу, конфессиялар, этностор аралык мамилелердин бекемделишине көңүл буруп, жергиликтүү ММК менен кызматташууну жандандыруу керек”,- деди облус казысы Алмазбек ажы.

Мындан сырткары, мечиттердин тазалыгы, мечиттердин каттоодон өткөрүү, кышка даярдыгы, имамдардын илим-билими, ошондой эле аткарылып жаткан кайрымдуулук иштерин жандантуу тапшырмасы берилди.