Талас облустук казыятында кварталдык жыйындар башталды

Талас облусунун Манас районунун Арал айылындагы «Акбай» мечитинде жалпы имамдардын кварталдык жыйыны болуп өттү.  Жыйынга Талас областык мусулмандар казысы Бапиев Таалайбек ажы, казыят кызматкерлери Сыдыков Касым ажы, Сагынбаев Медер ажы, Абдусамат уулу Өмүрзак ажы жана жалпы имамдар катышышты.

Жыйындын башында район баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев жалпы район боюнча мечиттерди каттоодон өткөрүү, жаңы бүткөн мечиттер туурасында маалымат берди.

«Манас райондук хатибияты кайрымдуу инсандардын жардамы менен жана битр садаканы кошкондо 1 млн. 150 миң сомдук кайрымдуулук иштерин жасадык. Ошондой эле Манас району боюнча 3 жаңы мечит ишке берилди»,-деди Миржалал ажы. 

Андан соң облус казысы Манас районундагы жалпы имамдардын бир жылдык отчётун кабыл алды. Имамдар өздөрүнүн бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча, мечиттердин ички жана тышкы тазалыгы, мечиттин төлөмдөрү, мечитке тиешелүү буюмдар ж.б. туурасында жалпы маалымат беришти.

Облус казысы жыйын жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп, жалпы имамдардын иштерине ийгилик каалап, кийинки жылдын иш планынын мерчеми талкууга алынды.