Адам атанын жаралуусу

Иблис периштелерден эмес болчу, бирок,  айтышат, качандыр бир убакта периштелер аны өздөрүнө кошуп алышкан жана ал алар менен бирге Аллага сыйынып жана акырында, анын илими жана берилгендиги үчүн, Алла анын даражасын периштелердин деңгээлине чейин көтөрүп койду.

Качан Алла Таала адамды жаратам дегенде Иблис жана периштелер аябай таң калышты. Алла Таала айтты: “Мен жерге орун басар коём…” Периштелер сурашты: “Сен чын эле жерге жаман иштерди жасай турган немени жибересиңби?” Алла Таала жооп берди: “Акыйкатта, Мен силер билбеген нерсени билемин”

Периштелер дайыма Аллага баш ийишкен жана Анын Өзүнө гана ибадат кылышкан. Нурдан жаралган алар эч качан Роббисине каршы чыгышкан эмес, ар дайым Аны даңктап жана Ага мактоо-алкыштарды айтышчу. Эмне үчүн периштелер, адам дагы Кудайга өздөрү сыяктуу баш ийүүчүлөрдөн болот,  деп ойлошкон жок? Эмне үчүн сүйүнгөндүн ордуна, алар таң калган кейипте, жогорудагы суроону беришти?.

Анткени, кептин баары, адамдар жана жиндер, периштелерде жок жөндөмгө, тактап айтканда – тандоо укугуна ээ. Алла адамдарга жана жиндерге жакшы жана жаман амалды, ыймандуу болуу жана капырлыкты, чындык жана жалганды тандоо мүмкүнчүлүгүн берди.  Периштелер болсо, Кудайды укпай коюуга жөндөмсүз жана Анын буйруктарын дайыма аткарышат. Алар улуу кубаныч менен  жаман амалдарды кылууну ойлонуп да коюшпастан, жакшы иштерди аткарышат. Алар Аллага ыйман келтиришет жана капырлык деген эмне экенин билишпейт.

Ал эми адам болсо, ушундай жаралган, анын туура жолдон чыгып кетүүсү да мүмкүн, ошондой эле, өтө момун мусулмандардан да боло алат. Алланын буйругу менен адамзат тукуму тандоо укугуна ээ жана периштелер адам күнөө кыла баштайт деп ойлошту.

Алар Алла Таала кантип эле Өзүн укпай коё турган нерсени жараткан жатат деп абдан таң калышты. Бирок, нурдан жаралган бул асыл жандыктар Алла Тааланын каалоосунун тышкы жагын гана көрүштү, ал эми Жараткан Алла Таала болсо бардык нерсенин улуу билимине ээ. Ошол үчүн да Кудайдын: “Акыйкатта, Мен силер билбеген нерсени билемин” деген жообу, адамды жаратууда улуу жакшылыктын бар экендигин айгинелеп турат. Алла Таала адамдардын арасынан пайгамбарлардын – такыба, эң жакшы, өздөрүнүн берилгендиги, аракети менен периштелердин даражасынан дагы өтүп кете турган  адамдардын чыгаарын билген. Ошондой эле Ал, адамдардын арасынан жалаң тоң моюндардын эле эмес, периштелер жакшы көрүп, дуба кыла турган такыба, чынчыл адамдардын чыгаарын да билген.

Эгер ой жүгүртө турган болсок, адамдар көптөгөн жакшы иштерди аткарышат. Алар илим изилдеп, көптөгөн ачылыштарды жасашат, Алла жолунда саякатташат, адал соода жүргүзүшүп, буюмдарды өндүрүшөт. Жана силердин ар бириңер, кымбаттуу окурмандар, үй иштеринде ата-энеңерге жардам берип, мечитке намазга барып, алсыздарды коргоп жана кичинекейлерди капа кылбасаңар керек Чындыгында, кээде араңарда кежирленип, ээн баштык кылып жана жалкоолонгонуңар деле болот дечи.   . Бирок, ата-энеңердин капа болуп же ачууланганын көрүп, силер дароо өзүңөрдү колго алып, жакшы иштерди жасайсыңар.

Алла үчүн баарынан  силердин жакшы, акылдуу жана элпек болгонуңар артык. Алла ар дайым адамдын Анын ыраазылыгына умтулуп, Анын ырайымын жана кечиримин издеп жатканын көрүп кубанат.

Алла Адамды топурактан жаратты жана күчтүү, чырайлуу, телегейи тегиз дене берип, ага аң-сезим ыроолоду. Буга кошумча, Алла Таала адамга Өзүнүн улуу Мээримдерин көрсөттү. Келгиле, алар кандай экенин көрөлү.

Алла кишиге Адам деген атты койду жана бардык нерселердин кандай аталаарын үйрөттү.  Алла Таала Курандын көптөгөн жеринде илим адам баласы үчүн улуу жакшылык экендигин белгилейт. Чындыгында эле, илимсиз биз имараттарды кура алат белек, же болбосо компьютерди ойлоп чыгара алат белек? Албетте, жок! Бирок, Алла илимдерге жол ачып, аны пайдаланууга акыл жөндөмүн берип, адамдарга улуу жакшылык кылды. Эми болсо, ал илимдердин шарапаты менен бүткүл дүйнө жүзүнүн адамдары кесиптерге ээ болушуп, бири-бирине жардам кылышат. Бирок, эң башкы илим – бул Алланы, Анын өкүм-буйруктарын, таанып-билүү, Ал эмнени жакшы көрөөрүн, эмнени жаман көрөөрүн, эмнеге ыраазы болоорун, эмнеге нааразы болоорун билүү жана айырмалоо.

Алла периштелерден бардык нерселердин аттарын билишээрин сурады, бирок алар жооп берише алган жок, ошол эле учурда Адам, ааламдардын Роббисинин Мээрими менен бул илимге ээ эле. Ал эмес периштелердин арасындагы эң акылдуу деп эсептелген  Иблис да нерселердин атын айтып бере алган жок.

Алла Адамга сажда кылгыла деп периштелерге буйрук берип, алгачкы кишиге дагы сый-урмат көргөздү. Бул сажда,  Алла Тааланын Өзүнүн улуу макулугуна болгон сый-урматы жана куттуктоосу эле.

Сажда кылгыла деген буйрук жин Иблиске да тийешелүү болчу. Периштелер ошол эле замат Алланын буйругун аткарышты. Бир гана Иблис ордунан козголгон жок.

Эмне болду? Эмне үчүн Иблис өзүнүн Роббисинин буйругуна тоң моюндук кылды? Көрсө, иштин баары текеберликте экен. Иблис өзү оттон жаратылгандыктан, ал эми Адам болсо топурактан жаратылгандыктан, өзүн Адамдан өйдө сезди.  Иблиске Алланын Адамга сажда кыл, деген буйругу жек көрүндү.  Ал өзүн өйдө сезгендиктен текеберленип, буйрукту аткаргандан баш тартты.

Бул баш ийбестикти көрүп, Алла Таала Иблиске каргыш кылды жана аны кууп жиберди. Күнөөкөр ошол замат жалынды: “О, Алла, Кыямат күнгө чейин мөөнөт бер! Мен адамды түз жолдон чыгарамын жана ал Сенин Мээримиңе татыксыз экенин далилдеймин!”

Алла Таала Иблиске мөөнөт берүү менен ага жооп берди: “Сенин артыңан ээрчишсе да, эгер алар тообо кылыша турган болсо, Мен аларды сөзсүз кечиремин”.

Иблис өзүнүн туура экендигин Аллага далилдөөгө аракет кылып:

-Мен сөзсүз аларга барып турам жана Сен алардын көпчүлүгү шүгүрсүз экенин көрөсүң, деди.

-Мен сөзсүз Тозокту сени менен жана сени ээрчигендер менен толтурамын – деп жооп берди Алла –  Ал эми ким туура жолдо болсо, Мен аны Бейиш менен сыйлайм.

Ошол убактан баштап каргышка калган Иблис, тынбастан, ар бир адамды азгырып, шыбырап, ар бир адамды жаман иштерге түртүп келет.

Ошентип, Алланын периштелерге жана Иблиске берген буйругу жаңы тарыхтын алгачкы барагынын бетин ачты.

Алла Таала Адамды эмнени кааласа ала турган, эс алып, даамдуу тамактар менен рахаттана турган бейишке жайгаштырды, Бирок, көп өтпөй жалгыздыктан Адам зериге баштады жана Алла Таала ага жубайын жаратып берди.

Кудайдын бир куттуу күнү Адам кандайдыр бир нерсеси менен өзүнө окшоп кеткен, бирок, ошол эле маалда өзүнөн айырмаланып турган бир укмуш жанды көрдү. Бул аял эле.

  • Сенин атың ким?- деп сурады Адам.
  • Ава, — деп жооп берди аял.

Ава чырайлуу эле. Алла аны Адамдын кабыргасынан жаратты жана ал Жердеги бардык аялдардын түпкү энеси болуп эсептелет. Алла Авага биз өзүбүздүн энелерибизден жана чоң энелерибизден сезген  жылуулук менен сүйүүнү берди, аялдардын балдарга жана турак-жайга болгон камкорчулугу ошол Ава энебизден калган. Акыйкатта, Адамга насип кылган аялдын жаратылуусунда улуу жоомарттык бар жана ал экөөнү эң жакшы жай болгон Өзүнүн Бейишинде кошту.

Каалашыңарча жегиле, ичкиле, жашоо менен рахаттангыла, — деди аларга Алла, — бирок, тиги бакка жакындабагыла. Акыйкатта, Иблис – силерге душман жана ал сөзсүз силерге зыян келтирүүнү каалайт!

Бул деген, Бейиште бир гана тыюу бар экендигин, ал Алла Таала көрсөткөн дарактын мөмөсүнөн жебеш керек экендигин билдирет.

Адам менен Аванын кандай бактылуу экендигин көрүп кара мүртөз Иблис алгачкы адамдардын бейпил жашоосун бузуп, аларды Алланын каарына калтырууну каалап, ойлоно баштады.  Бул үчүн ал элден мурун периштелер кайтарып турган Бейишке кирүү керектигин  түшүндү. Иблис куулукка барды – ал Бейиштин дарбазаларынан чыга ала турган жана кайрадан ага кире да ала турган жылан менен сүйлөшүп алды. Андан тыюу салынган дарактын кайсы жерде экендигин да сурап билди. Иблис жыландын оозуна жайгашты да ал Бейишке алып кирди. Качан Адам жана Ава тыюу салынган даракка жакын сейилдеп жүрүшкөндө, ал алардын Роббисинин тыюусун бузуп, дарактын мөмөсүн үзүп жегенге азгырып, шыбырай баштады. Иблис ал экөөнө, эгерде ошол мөмөдөн жешсе, алар периштеге айланышат да эч качан өлүшпөсүн айтып алдады.

-Мен силердин чыныгы кеңешчиңермин! – деп ант берди Иблис Адам менен Авага.

Ава Иблистин айткандарына азгырылып, тыюу салынган бактын мөмөсүнөн жеди. Андан соң ал Адамды да ошондой кылганга үндөй баштады. Иблис тынбай азгырып, ал эмес Алланын ысымдарын оозанып, жалганды чындыкка окшотууга аракет кылып жатты.

Көп өтпөй Адам дагы тыюу салынган бактын мөмөсүнөн жеп алды.

Ойлогон ою иш жүзүнө ашканына Иблис өтө кубанды. Анткени ал адамдарды азгырып, алар болсо күнөө жасашпадыбы. Адам менен Ава мөмөдөн жешти, бирок периште болушпады жана түбөлүк жашоого да жетишкен жок. Алар Иблисти угабыз деп, анын кооз сөздөрүнө алданышты. Адам менен анын аялы өздөрүнүн күнөөлөрүн моюндарына алышты, бирок кеч болуп калган. Алла аларга айтты:

-Мен силерге бул бакка жакындабагыла, деп тыйбадым беле жана шайтан силердин ачык душманыңар деп эскерттим эле го?

Адам жана Ава күнөө кылгандарына өтө өкүнүштү жана дароо эле жалынышты:

-О, Алла, Сени укпай койгондугубуз үчүн бизди кечир, биз өтө өкүнүп жатабыз, — дешти алар ый аралаш.

Алла Адам жана аялынын алсыздык кылгандарына нааразы эле, бирок аларды кечирди. Анткени Алланын Мээрими чексиз жана түбөлүктүү. Ал Адам менен Аваны кечирди, анткени алардын тообосу чын жүрөктөн эле.

Бирок, Алла Адам менен Аванын кылмыштарын жазасыз калтырган жок. Ааламдардын Роббиси аларга айтты: “Менин Бейишимен чыгып кеткиле! Бул Менин буйругум. Мындан ары силер Иблис менен бири биринерге душман болосуңар жана Жер бетинде жашайсыңар”.

Ошондон тартып адамдар ырыскыны, үй-жайды жана мол жашоону күнү-түнү чекеден терин тамызып таба турган болушту. Бардык жыргалчылыктар эч кандай түйшүк тарттырбай эле келген Бейиштин жашоосу алар үчүн бүткөн болчу. Бирок, Алла Адам менен Авага жана анын урпактарына, эгер алар Жердеги жашоосун Анын айткан өкүм-буйруктарына ылайык жашап өтө турган болушса, Бейишти кайтарып берүүгө убада кылды. Ал эми кимдер Анын өкүм-буйруктарын, Иблис сыяктуу четке кага турган болсо, алар Тозокко кетишет.

Адам жана  Ава жер бетинде бардык үй-бүлөлүү адамдар сыяктуу эле жашай башташты. Алардын балдары төрөлдү жана Адамдын үй-бүлөсү көбөйө берди.. Ошентип, жер бетинде алгачкы мусулмандар – Аллага баш ийген адамдар пайда болду.

Эми жашоого керектүү ырыскы-насипти табууга  эмгектенүү зарыл болсо дагы, Жердин бети адамдын жашоосуна толук ыңгайлаштырылган болчу. Адам менен Ава бул жерде жашоого керектүү бардык нерсенин бар экендигин көрүштү жана бул жакшылыгы үчүн Аллага шүгүр айтышты.

Ошол байыркы заманда адамдар абдан бойлуу жана күчтүү эле. Бир уламышта айтылгандай, Адамдын бою азыркы биз менен силерден бир канча  эсе бийик болчу. Мындайча айтканда, анын бою тогуз этаж үйдүн бийиктигиндей бар эле. Буга кошумча ал абдан сулуу да болчу. Адамдын сулуулугу бардык адамдарга таркалган, бирок ар бир кишиде ошол сулуулуктун аз гана бөлүгү болот. Кийин адамдар акырындап кичирейип олтуруп, азыркы биз кандай болсок, ошондой  болуп калышты.

Ава энебиз төрөгөндө эгизден төрөгөн. Ар  бир жолкусунда Алла Адам менен Авага уул жана кыз бала тартуулап турган. Ошентип , адамдар бара-бара көбөйүп олтурду жана адам баласынын тукуму бүткүл Жер жүзүнө таркалды.

Адам жана Ава балдарын боорукер жана элпек, алсыздарга кайрымдуу  болууга жана алдабоого тарбиялады. Аллага ибадат кылуу алгачкы адамдар үчүн табийгый нерсе эле, анткени ал убакта ширк жана бутпарастык жок болчу. Бардык адамдар бир гана Аллага гана сыйынышчу жана Ага шерик катышкан эмес.

Курани Каримде Алла адамдарга эки бир туугандын – Адамдын балдарынын окуясы жөнүндө баяндайт. Алардын аттары Кабыл жана Абыл эле.

Кабыл Абылды жаман көрчү жана аны көрө алчу эмес. Ал Абылга арналган кызга  үйлөнгүсү келди. Ошол себептен  кыз ага арам кылынган жана  аны менен турмуш кура албайт болчу. Кабылдын жини келип, Абылга жийиркеничтүү сөздөрдү айтып, ал эмес аны өлтүрөм, деп коркутчу. Бирок, Абыл бир тууганын сабырдуулук менен угуп жана ага айтчу: “Эгер сен мени өлтүрөм деп кол көтөрсөң да, бирок, мен сени өлтүрүүгө колумду көтөрбөйм”. Кабыл бир тууганынын мындай мамилесин көрүп,  ого бетер жини келчү, бирок эч нерсе кыла алчу эмес. Ал Абылдын андан жакшы жана  тиги кызга ага караганда татыктуураак экендигин  билчу жана бул нерсе анын жинин ого бетер келтирчү.

Алла эки бир туугандын ортосундагы талашты чечүү үчүн, аларга курмандык алып келүүгө буйрук кылды. Ал кимисинин курмандыгын кабыл кыла турган болсо, ошол укуктуу болмок.

Айтылат, Абыл Аллага курмандыкка өзүнүн бир семиз козусун алып келди, ал эми Кабыл болсо сараңдык кылды жана өзүнүн жыйнаган эгининин бир аз гана бөлүгүн алып келди. Эртеси эртең менен бир туугандар Абылдын курмандыгы кабыл болгондугун, ал эми Кабылдын курмандыгы алып келген боюнча, кабыл кылынбастан жаткандыгын  көрүштү.

Ушинтип, Алла эки бир туугандын талашын чечип берди. Бирок, Кабылдын бир тууганына  болгон жек көрүүсү мурункудан да күч ала баштады.  Эми анын  талаштын себеби болгон кызды аялдыкка алуудан үмүтү үзүлдү.  Ошондо Кабыл ага чейин эч ким кыла элек жамандыкты кылууну чечти.

Балким, ар бирибиз ушул сыяктуу башка бирөөдө болгон нерсеге көз артып, ошол нерсе эмне үчүн менде  болбойт, деген сезим менен тааныш болсок керек.  Бул сезим көрө албастык деп аталат. Мисалы, биз досубуздун колундагы оюнчук машинканы, же курбу кызыбыздын кооз куурчагын көрөбүз дагы, бизде дагы ошол нерсе болсо, дейбиз. Кээде, бөлөктөрдүн колунан кандайдыр бир нерсени көрөбүз дагы, “эмне үчүн ал нерсе менде  да болбойт”, деп капа болобуз, ал эмес жинибиз дагы келет. Бирок, ар дайым унутпоо керек, көрө албастык кылуу деген бул —  Алланы, Ал Өзүнүн ырыскы-насибин таратууда адилетсиздик кылды деп айыптоого жатат. Ааламдардын Роббиси кимге эмне керек экендигин жакшы билет жана адамдарга муктаж болгон нерселерин берип турат. Эгерде, биз көрө албастык кыла турган болсок, анда Аллага нааразылыгыбызды билдирген болобуз.  Биз анда: “Эмне үчүн Сен ага бересиң да, мага бербейсиң? Мен дагы аны каалайм! Андан алгын да мага бергин!” деген сыяктуу болуп калабыз. Албетте,  мындай жорук мусулмандын кылаар иши эмес. Биз ар дайым бирөөлөрдүн ийгилигине кубанып жана бизге берген ырыскы-насибине Аллага шүгүр кылып, Ага алкыш айтып турушубуз керек.

Кабыл Алланын бергенине шүгүр кылып, Ага алкыш айткан жок жана Абылга көрө албастык кылды. Ал колун асманга көтөрүп: “О, Алла, менин бир тууганым Абылга дагы көбүрөөк бер жана мени көрө албастыгым үчүн кечир”, деп айтышы керек эле.

Кабыл өзүн бир тууганына караганда татыктуумун деп эсептеп жана өзүн андан жогору сезип алды. Тообо кылып, Алла Таалага кайрылуунун ордуна, ал Абылды өлтүрүүнү чечти.

Ал бул кылмышты кантип иш жүзүнө ашырсам деп көпкө ойлонду. Ал убакта эч ким мындай кылмышты кыла элек болчу жана Жер бетинде бул күнөө  жок эле. Кабылдын жүрөгүндө текеберлиги, ызасы жана кыжыры кайнап, бышып жетилди, ал эми шум Иблис болсо буга кошумча, тынбастан ага шыбырап, анын жек көрүүсүн күчөтө берди.

Биз жөнөкөй мусулмандар, Иблис адамга анын эң алсыз жагынан келээрин унутпашыбыз керек. Кабыл бир тууганына көрө албастык кылды, муну көргөн Иблис, Адамдын уулунун жүрөгүнө көрө албастыктын отун жага баштады. Кабыл Иблисти көргөн да, аны  менен сүйлөшкөн да, достошкон да эмес.  Ал эмес Иблистин жакын эле жерде жүргөнүн да билбеген, бирок Кабыл жаман оюна берилүү менен чындыгында Иблисти ээрчип жаткан. Биз жаман сезим, жаман ойлордон качышыбыз керек, анткени ал нерселер түптүз күнөө жасоого алып бара турган жол. Эсиңерден чыгарбагыла, менин кымбаттуу окурмандарым, Иблис жамандык кылуунун оңтойлуу учурун эч качан өткөрүп жибербейт.

Кабыл адамды кантип өлтүрүштү билген эмес, анткени, ага чейин  эч ким бул кылмышты жасай элек болчу. Ал көпкө, ынгайлуу учурду күтүп Абылдын жашаган турак-жайын айланып жүрдү, акыры ал учур да келди.

Коргоосуз Абыл жерде жаткан жана эч нерседен капары жок эле. Бир тууганынын уктап жатканын көрүп, Кабыл өзүнүн кылмышын дароо аткарууну чечти. Шайтан анын кан тамырында, кылмышыңды тезирээк аткар деп чуркап жүрдү. Качан Кабыл бир тууганын өлтүргөндө, ал жерде эч качан болбогон сыяктуу Иблис дароо кетип калды.

Абылдын өлгөнүн көрүп, Кабыл эң чоң адилетсиздик кылганын түшүндү. Ал коркуп кетти да, бир тууганын жоктоп, жашын төгүп ыйлай баштады, бирок аны тирилте алган жок.

Эми эмне кылыш керек? Өлүк денени кандай кылат, анткени Кабылга чейин эч ким киши өлтүргөн эмес эле да? Кабыл асманды карады да урушуп жаткан эки карганы көрдү. Бир карга экинчисин өлтүрдү да, жерди чокулап каза баштады. Чуңкур жасап болуп карга өзүнүн атаандашынын өлүгүн ага ыргытты да, аны топурак менен көмдү.  Анан Кабыл Абылдын денеси менен  эмне кылууну түшүндү. Кабыл өз колу менен көр казып, бир тууганынын денесин эң түбүнө таштады да, аны топурак менен көмдү.

Өзүн Адамдан өйдө санап,  текеберленген Иблис сыяктуу, Кабыл да өзүн Абылдан жакшымын деп ойлоду. Иблис менен Кабылдын күнөөлөрү окшош жана экөөнүн тең күнөөсүнүн акыбети эң оор  болду.

Кабылга адамзат тарыхынын жүрүшүндөгү болуп өткөн, болуп жаткан жана боло турган киши өлтүрүүлөрдүн бардыгы жазылат, анткени бул бетпак кылмышты эң биринчи дал өзү баштап жасаган жана ага  жол ачып кеткен.

Бул коркунучтуу кылмыш жөнүндө эч кимибиз ойлоп да койбошубуз керек. Алланын алдында киши өлтүрүү эң чоң күнөө болуп эсептелет. Алланын Элчиси, ага Алланын саламы жана салаваты болсун, айткан: “Кыямат күнү өлтүрүлгөн адам, өзүн өлтүргөн кишини Алланын алдына алып келет жана айтат: “О, Алла! Мындан сурачы, мени эмне үчүн өлтүрдү?” Андан соң Алла Таала киши өлтүргүчтү жазалайт”. Эсте болсун, эгер адамдар кылмышкердин кылмышын бул дүйнөдө унутуп коюшса да, же болбосо кылмышкер алардан изин жашырып кетсе да, Кыямат күнү кылмышкерге баары бир Алланын алдында жооп берүүгө туура келет.

Эми болсо Кабыл  Абыл жаткан  дөбөнүн түбүндө олтурду да бир тууганына кайгырып жатты. Ал ата-энеси – Адам жана  Ава уулунун кабарын угуп, кайгы-муңга чөмүлүшөөрүн түшүнөт. Кандай үрөйдү учурган кылмыш жасады Кабыл…

Эмне окуя болгонун угуп, Адам кайгыдан мөгдөдү. Ал бул иштин артында анын балдарын түз жолдон адаштырам деген, жүзү кара Иблистин  көлөкөсү турганын билет.

-Бул шайтандын иши – деп гана койду Адам. – Ал ачык азгыруучу…

Иблистин кандай жүзү каралыкка болбосун жөндөмдүүлүгүн, Адам менен Авадан артык  кимге белгилүү болмок эле!

Бирок, жашоо улана берди жана адамзаттын тукуму көбөйүп, жер бетине жайланышып жатты.

Кишилердин арасынан эң биринчи  Каабаны тургузган Адам ата болгон. Кийинчирээк аны пайгамбарлар Ибрахим жана анын уулу Исмаил, кайрадан тургузуп чыгышты. Кааба элдер анда жалгыз гана Аллага сыйына турган мечит болот. Жана бүгүнкү күндө дагы бүткүл дүйнө жүзүнүн мусулмандары, эң алгач Адам аттуу Алланын пайгамбары тургузган Кааба тарапка карап намаз окушат. Жана ажылыкты дагы мусулмандар ушул ибадатканага гана кылышат.

Эми биз билебиз, менин кымбаттуу окурмандарым,  кимден тараганыбызды, биринчи адам ким болгонун жана кандайча адамдар Жер бетине жайгашып калганын.

Бул окуядан биз көрө албастык менен текеберликтин эң жаман мүнөз экендигин жана бул экөөнүн чон күнөөлөргө алып бараарын жакшылап эсибизге түйүп коюшубуз керек. Биздин  эч кимибиз бирөөлөргө көз артпайлы, өзүбүздү башкалардан артык санап, текеберчилик кылбайлы. Биздин башыбызды бир гана жакшы ойлор ээлеп турсун, биздин ар бирибиз эгер кандайдыр бир жаман амал кыла турган болсок, тообо кылганга шашылып, Алладан кечирим сурайлы жана тезирээк кандайдыр бир жакшы амал кылганга ашыгалы. О, Алла, бизди көрө албастыктан жана текеберликтен сакта жана бизди биртике болсо да, Адам ата жана анын уулу Абыл сыяктуу боорукер, такыбалардын кылгын. Оомийин.

 

Булак: «Пайгамбарлар кысасы» китебинен.