Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев Кароол-Дөбө айылынын тургундарына ысырапкерчиликтен арылуу боюнча баяндамасын жасады

Ысык-Көл районуна караштуу Кароол-Дөбө айылынын мечитинде, райондук баш имам хатиб Максат ажы Сейталиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, элди ынтымакка жана биримдикке чакырды.

Жолугушууда айыл тургундарына адеп-ахлак туурасында маалымат берип, терс агымдардын жалпы коомчулукка тийгизген зыяны жана андан оолак болууда түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Айыл аксакалдары, айыл жаштары толук катышкан бул жолугушууда, ынтымак, биримдик, ысырапкерчилик  туурасында дагы баяндамасын жасады. Мындан тышкары жергиликтүү айылдын жаңыдан дайындалган имамы менен тааныштырып, эл менен тыгыз иштешүү керектигин баса белгиледи.