Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда баш имам хатиби Акылбек Талантбек уулу билдирди.

“Куран жарышын өткөрүү боюнча райондук хатибият демилге көтөрүп, демөөрчүлүк кылууга райондук акимиатка кайрылганбыз. Биздин сунушубузду четке какпастан 25 000 сом (жыйырма беш миң) бөлүп берип, толугу менен уюштуруучулук ишине жана жеңүүчүлөрдүн байгелерине жумшадык”,-деди Акылбек Талантбек уулу. 

Райондук борбордук мечитинде өткөн бул Куран жарышка жалпысынан 7 жаштан 15 жашка чейинки 48 бала катышкан.

Жыйынтыгында;

1- орун 7 000 сомдук велосипед,

2- орун 3 500 сомдук электрондук Куран китеби

3- орун 2 000 сомдон 2 орун

4- орун 1 500 сомдон 2 орун

5- орун 1 000 сомдон 2 орун.

Жаш өспүрүмдөр арасында мындай иш-чараларды алдыда дагы уюштуруп, облустук деңгээлде өткөрүү пландалууда.