Озерное айылынын имамы Искендер ажы Дюйсенов көп балалуу энеге 15 миң сомдук жардам көрсөттү

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Озерное айылынын имамы Искендер ажы Дюйсеновдун демилгеси менен аталган айылдын мечит жамааты бергелешип, Төрт-Күл айылынын тургуну, көп балалуу энеге 15 миң сомдук жардам көрсөтүштү. Бул тууралы Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов билдирди.

Анын айтымында, мечит жамааты биргелешип чогулткан каражатка килем, төшөк, азык-түлүк, кийим-кечек жана үйгө керектүү буюмдарды алышып, мындан тышкары 2 миң сом тапшырылган.

«Бала – бул Аллах Тааланын белеги. Кудайым бул энеге 9 бала берген экен. Хатибияттын жылдык планынын негизинде кайрымдуулук иштери район боюнча өтө жакшы жүрүп жатат. Салым кошкондордун бардыгынан Аллах ыраазы болгон болсун», — деди Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов.