Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев мыкты баш имам хатибтерди диплом менен сыйлады

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев мыкты деп табылган Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунун баш имам хатибтерин диплом менен сыйлады.

Буга чейин Ош облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында облуска караштуу бардык райондун баш имам хатибтери 11 айда жасаган иштери боюнча отчетун тапшырышкан эле.

Отчеттун жыйынтыгында ар бир баш имам хатибдин иши бааланып, узап бара жаткан жылды мыкты жетишкендиктерге жана казыят, КМДБ тарабынан чыгарылган буйруктарды өз убагында аткаргандыгы үчүн Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунун баш имам хатибтери мыкты деп табылды жана диплом менен сыйланышты.

Сыйлык тапшыруу учурунда облус казысы ар бир кызмат аманат экенин баса белгилеп, баш имам хатибдердин ишине ийгиликтерди каалады.