Араван районунда мүмкүнчүлүгү чектелген 20 жаранга тамак-аш азыктары таратылды

Ош облусунун Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов баш болгон хатибият кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген 20 жаранга кайрымдуулук жардамын көрсөтүштү.

Алардын ар бирине 1000 сом өлчөмүндө күнүмдүк турмушка керектелүүчү тамак-аш азыктары сатылып алынып, өз ээлерине жеринде тапшырылды. Ага жалпы 20 миң сом каражат сарпталды.

Мындай сооп ишке сарпталган каражат Араван районунун жума окулуучу мечиттерден жана хатибият тарабынан каржыланган.

«Оорулуу жарандарга материалдык эле эмес, моралдык жардам да керек. Ким оорулуудан кабар алса ал өлгөн кишини кайра тирилткен менен барабар. Бейтап бир туугандарыбызга жардам берип, аларга колдоо көрсөткөндү унуптайлы»,- деди Алибек Жусупов