Айюб (а.с)дын сабырдуулугу

Көпчүлүк адамдар акча, ден-соолук, чоң үй-бүлө жана кооз машина, мунун бардыгы адамга биротоло берилет деп ойлошот. Алар барчылыктын жыргалына чөмүлүү менен мунун бардыгы убактылуу экендигин унутуп коюшат. Бирок, ар бир нерсенин башталышы жана аягы бар да. Андай экен, биз байлыкка  жана ден-соолукка умтулушубуз керекпи? Балалуу жана ынтымактуу үй-бүлөлүү болууну каалайбызбы? Кооз машиналуу болуу үчүн аракет кылып иштеп, акча табууга уруксат берилгенби? Бул дүйнөдө молчулукта жашоону каалоо туурабы? Албетте, эч кандай шек-күмөнсүз, мунун бардыгы адамда болуусу мүмкүн. Алла бул жашоонун бардык жыргалы Андан болоорун, бирок анын баары убактылуу экендигин үйрөтөт. Акча да, үй-жай да, балдар да – бардыгы качандыр бир убакта бизди таштап кетет. Ал эле эмес, Алла биздин ар бирибизден бизге берилген нерсе жөнүндө, аны кантип таптык, эмнелерге жумшадык бардыгын сурайт.  Ал убактыбызды, ден-соолугубузду, акчабызды, мал-мүлкүбүздү, өзүбүздүн өмүрүбүздү  эмнеге жумшадык жана кантип жумшадык, мунун бардыгынан сурайт. Жана эң чоң балээ, эгер адам ушул айтылгандардын бардыгын өзүнүн жашоосунда бекерге жумшап, кийин Алла Тааланын алдына барып, анан гана түшүнгөндө болот.

Мына ушундай ийгиликте, жыргалда Айюб көп жыл жашады. Анын Алла чексиз даңкталып жаткан үйүндө,  балдары бактылуу жана ден-соолукта өсүп жатты. Алардын балалыгын эч кандай ачарчылык  да, кургакчылык  да, суук да, кедейлик да   кыйнаган жок.  Айюб пайгамбар балдарынын кубанычына жетине алчу эмес жана бул үчүн Аллага дайыма шүгүр кылчу.

Белгилүү болгондой, балдар  бул Алланын адамдарга берген эң чоң жакшылыгы. Жакшы адеп-ахлактуу жана ыймандуу баланы тарбиялап өстүрүү үчүн канчалык чыдамкайлык жана күч талап кылынаарын  ар бир ата-эне жакшы билет. Ошол эле учурда бала дагы ата-эне деген Алланын берген эң чоң жакшылыгы экендигин билүүсү керек.  Бүгүнкү күндө  деле ата-энесинин бирөөсү жок, же экөөсү тең жок тарбияланып жаткан балдар бар эмеспи. Кудай башка салбасын, көпчүлүк бечара  балдар эртең менен ойгонуп алып жакын адамдарынын жүздөрүн көрүп, эркелеткен сөздөрүн уга алышпайт, атасынын же апасынын  моюнунан кучактап, алардын өөп-жыттаганын сезип, мээримине чөмүлө алышпайт. Биздин ар бирибиз, эгер ал азыр бала болсо ата-энеси менен  жашаганына, же эгер ал чоң киши болуп балдары болсо, ошол балдарды бергенине Аллага шүгүр айтсын. Акыйкатта, бул ааламдардын Роббисинен болгон улуу байлык.

Айюбдун балдарынан тышкары көптөгөн тууган-туушкандары да бар эле. Анын берекелүү тукуму көбөйүп жатты жана алардын жашоосу бейпилчиликте, жыргалчылыкта өтүп жатты.

Белгилүү болгондой, туугандар менен жакшы мамиледе болуу – мусулмандын чыныгы ыймандуулугунун белгиси. Мусулман адамдын туугандарына оройлук, сараңдык кылуусу динибизде таптакыр жол  берилбейт. Алла туугандардын бири бирин ушактап, жамандоосун, көрө албастык же болбосо душмандык кылууларын жакшы көрбөйт.

Айюбдун жашоосу абдан жакшы эле, бирок ал учурда ал дагы, анын үй-бүлөсү дагы алдыда аларды Алла Таала даярдап койгон улуу сыноолор күтүп жаткандыгын билишкен жок.

Бардыгы Айбдун үй-бүлөсүнө келген каатчылык жылдардан башталды: талаалары бозоруп ээн калып, малды багууга эч нерсе калбай калды. Айюбдун байлыгы көз алдыда түгөнө  баштады, а элдер болсо анын оор абалын көрүп, ал жөнүндө ушактарды тарата башташты. Алар, менимче Алла Айюбга нааразы болсо керек, эгер анын байлыгын ала  баштаса, дешти. Айюб колдон келгенинин бардыгын жасады, бирок анын талааларын каптаган каатчылыкка туруштук берүүгө ал алсыз болчу.

Арадан көп убакыт өтпөй Айюб бардык байлыгынан ажырап калды. Акчасы тамак-ашка жана кийимге эптеп септеп жетчү. Ал эми пайгамбар болсо,  токтоолугунан жазган жок жана нааразылыгын да эч билдирбеди. Ал, мурдагы молчулук жылдарындай эле, Аллага шүгүр кылып, Ага мактоо-алкыштарды айтып жана ибаадатынан жазган жок. Бирок, Алланын пайгамбарын мурдагыдан дагы оор жаңы сыноо күтүп турган. Бул сыноо анын балдарына байланыштуу болчу.

Алланын пайгамбары ушунчалык жакшы көргөн балдарын оору каптады. Акырындап, алар ата-энесин кайгыга чөмүлтүп,  биринин артынан бири жашоону таштап кетип жатышты. Айюб жана анын аялынын ошол учурдагы тарткан азап-кордуктарын Алла Таала эч кимдин башына салбасын.  Сен көрүп турасың, балдарыңдын биринин артынан бири өлүп жатканын, бирок аларды алып калуу колуңдан келбейт. Дары жардам бербейт жана өмүр бою камкорчулук кылган жандай көргөн  балдарыңды жакындап келе жаткан өлүмдөн коргоп калууга алсызсың.

О, Алла, ошол кездеги Айбдун үй-бүлөсүнүн башынан өткөргөн сыноолорун эч кимдин башына сала көрбө! Көп өтпөй Айюб жана анын аялы бардык балдарынан ажырап өздөрү гана калышты. Качандыр бир убакта балдардын күлкүсүнө толуп турган үй, томсоруп ээн калды.

Бирок кандай гана кыйынчылыктарды башынан өткөрбөсүн, Айюб мурункудай эле  Роббисине мактоо-алкыштарын айтып, намазын окуп, ибаадатын кылып, Кудайга жаккан иштерди жасоону уланта берди. Алланын пайгамбары мурункусундай эле жоомарт, бирөөлөрдүн көңүлүн калтырбаган бойдон кала берди, балдарынан жана байлыгынан ажырап эң оор жоготууларга дуушар болсо да, бөлөктөрдүн кайгысына көңүл коштук кылчу эмес.

Бирок адамдар пайгамбардын башына түшкөн жамандыктары кокусунан аларды  да каптап өтпөсүн деп, андан четтеп өтүүгө аракет кылышчу. Көптөрүнө Айюб Алланын каргышына калган жана ошол үчүн жазалангандай сезилчү. Ал эми кандай кыйын сыноо болбосун, келген жакшылыктар сыяктуу ал убактылуу экендиги, эч кимисинин оюна келген жок. Эртеби, кечпи кыйын мезгилдер өтүп кетет жана Алла адамга жүктөгөн оор жүктү жеңил кылып коёт., Кечээ эле пайгамбардын талааларында көйкөлгөн эгиндердин ордуна, бүгүн бозоруп эч нерсеси жок жатса да, ал эми балдары ойноп жүргөн жерлерде болсо, алардын мүрзөлөрү орун алса да,  Айюб жеңилдик келээринен үмүтүн үзгөн жок.  Алла адамга, ал  көтөрө албай турган сыноону бербесин билген.  Алланын пайгамбары бардык иште Жаратуучусуна таянып жана бөлөктөрдү чакырып жаткан нерсеге ишеними бекем болчу.

Капысынан Айюбга дагы бир жаңы сыноо келди. Эми ал өзү бир оор илдетке чалдыгып, ооруп калды. Ал илдет бүт денесин каптады. Ал эми иштей да албай, элге даават да кыла албай, ал эмес баса да албай  калды. Эми ал өзүнүн сүйүктүү аялына толук көз каранды эле. Айюбдун бийлигинде болгону тили менен акыл-эси гана калды. Ушул абалда да ал күнү-түнү Роббисине алкыш-мактоолорду айтып жана бир гана Андан үмүт кылып жатты.

Айюбдун жана анын аялынын акчалары да түгөндү. Эми өзүн жана күйөөсүн багуу үчүн аялына көрүнгөнгө жалданып, алардын жумуштарын кылууга туура келди.

Айюбдун аялы белгилүү  үй-бүлөдөн эле жана жакшы  кулк-мүнөзү, жакшы тарбиясы менен айырмаланчу. Ал ар дайым күйөөсүн өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп колдоп, Алла Тааланын берген жакшылыктарын да, ошондой эле алардын үй-бүлөсүнө келген оор сыноолордун баарын  күйөөсү менен тең бөлүшүп келди.  Ал эң кыйын учурда күйөөсүн таштап кетип калган жок, ага чыккынчылык кылбады жана анын артынан да жамандап сүйлөбөдү. Акыйкатта, ал Айюб пайгамбардын эң жакын, сабырдуу өмүрлүк жолдошу эле!

Ал мурда бай аял болгонуна карабастан, элдин жумушун кылганга чыгынды. Байлыкта, барчылыкта өсүп-жетилген ал, күчтүү болууга жана бардык иште Аллага гана тобокел кылууга үйрөндү.

Эгерде ар бирибиздин башыбызга  (Кудай андан сактасын), Айюб жана анын аялынын акыбалы башка түшүп кала турган болсо, эмне кылат элек? Алланын сыноосунан өтүү үчүн адам баласы эмне кылуу керек? Адатта, момун-мусулмандар баштарына оор сыноолор келгенде,   колдорун асманга көтөрүп Алладан алардын бекем болуусун, ал эми өтө оор болуп, кыйынчылыкты көтөрүүгө күч-кубаттары жетпей баратканда, акыбалдарын жеңилдетип, бул сыноолордон кутултуусун суранышат. Акыры, Айюбдун аялына анын сабыры да, чыдамы да акыркы чегине жетип, бул сыноолорго мындан ары чыдай албастай сезилип кетти. Бул сыноолордун оор жүгүн мындан ары көтөрүп жүрүү мүмкүн болбой калганын сезип, ал бир күнү Айюбка өтүнүч менен кайрылды:

-О, Айюб, Алладан суранчы, бул кыйынчылыктан бизди куткарсын.

Аялынын өтүнүчүнө Айюб мындай деп жооп берди:

-Акыйкатта, биз барчылыкта жана  сак-саламатчылыкта, азыркы кедей жашообузга караганда көбүрөөк жашаганбыз.

Бул жообу менен Айюб Алла аларга көп жылы жакшынакай, бактылуу жашоо тартуулаганын, ал кедейчиликте болсо, ал жылдарга салыштырмалуу аз эле жашап жаткандыктарын айткысы келген.

Биз көпчүлүк учурда жашообуздун ар бир күнү  Алла бизге ушунчалык көп жакшылыктарын берип жаткандыгы жөнүндө ойлонбойбуз. Жердеги ар бир көз ирмем бул Алла Тааланын берген улуу белеги экендигин адам баласы баалабайт. Ийнеге сайдырып алып деле көптөрү тагдырынын татаалдыгына даттана баштайт.  Ал эми  башыбызга келген чыныгы катуу сыноолорду айтпай эле коёлу. Жашообузда кыйынчылыкка дуушар болуп алып, мурдагы берилген канча жакшы бактылуу учурларыбызды унутуп коёбуз. Эгерде Алладан жиберилген жакшылыктарды таразанын бир жагына, экинчи жагына болсо жашообузда тарткан кыйынчылыктарыбыздын бардыгын сала турган болсо, анда Алладан алган жакшылыктарыбыз  тарткан кыйынчылыктарыбызга  караганда жүздөгөн эсе көп болуп чыгат.

Жылдар өтүп жатты, бирок жеңилдик келбеди. Айюбдун көп сандаган тууган-туушкандары Алланын каргышына калган пайгамбар деп айтылып жаткан жаман сөздөргө карабастан анын ал-акыбалынан кабар алып келип турган  эки бир туугандан  башкасы, бардыгы аны таштап кетишти.

Айюб муну эң жакшы билчү. Пайгамбардын адептүүлүгү Аллага даттанууга жол берген жок. Анткени, буга чейин ага канча жакшылыктар берилгенин билет. Анын сабырынын кубаты ушунчалык эле, балдарынан, байлыгынан, ден-соолугунан ажыраса да,  тагдырына таарынып, даттанган жок.

Бир жолу Айюбга зыяратка келген эки бир туугандын бирөөсү анын абалын көрүп, экинчисине мындай деди:

-Сен билесиңби, Айюб дүйнөдө эч ким кылбаган күнөөнү кылганын? Мына он сегиз жылдын жүзү болду, Алла Таала аны кечирбей келет…

Бул сөздөрдү угуу Айюбка өтө оор болду, анын көп жылдардан бери башына түшкөн сыноолорго кылган сабыры, башка адамдардын түшүнө да кирген эмес. Ошондо гана ал Аллага кайрылды да: “Акыйкатта, мени кырсык басты, Сен болсо мээримдүүлөрдүн Мээримдүүсүсүң!” – деп айтты.

Ошол замат Алла анын кайрылуусуна жооп берди. Алла Таала жерди буту менен тебүүгө буйрук кылды. Айюб анын буйругун аткараары менен жерден булак атырылып чыкты. Курани Каримде айтылгандай, бул булак “даарат алганга жана ичкенге” эле. Айюб пайгамбар бул булакка жакындап келди да, андан ичти жана даарат алды. Бул касиеттүү суу Алланын пайгамбарын айыктырды жана ал сулуу, дени сак жана жигит курагына келди.

Качан анын ишенимдүү жубайы үйүнө кайтып келгенде күйөөсүн таппай калды, бирок ал үйүнүн жанынан чыгып жаткан булакты жана дагы анын жанында турган жаш, сулуу жигитти  көрдү. Бирок, аял эч жерден өзүнүн карыган оорулуу күйөөсүн таппай жатты. Ал өздөрүнүн үйүнүн жанында турган жигитке кайрылды:

-Сен бул жерден алсыз адам Алланын  пайгамбары Айюбду көргөн жоксуңбу? Мен үйдөн чыкканда ал бул жерде эле, азыр болсо аны эч жерден таба албай жатам. Чындыгында, сен ал кишиге окшош, бирок жаш жана сак-саламат экенсиң…

-Мен сенин күйөөң Айюб эмесминми, — деп жооп берди Алланын пайгамбары, — Алла Таалага мактоолор болсун, Ал мени айыктырды!

Ага ден-соолук айыгуу түрүндө эле келбестен, жаштык жана сулуулук түрүндө да келээри эч оюна да келген эмес. Алланын оору түрүндө  берилген сыноосунун укмуштуудай ажайыптуу бүтөрү  кимдин оюна келиптир?

Андан соң Алла Айюбдун аялын дагы жашартты. Ал кайрадан мурдагы жаштыгына жана сулуулугуна ээ болду. Алла Таала анын жүзүнөн жоготуулардын жана тарткан түйшүктөрүнүн изин кетирип, аны нурдуу жана таза кылып койду.

Айюб пайгамбардын үйүнө Алланын жакшылыгынын келүүсү  ушуну менен эле токтоп калган жок. Айюбдун эки кампасы бар эле, мындайча айтканда жыйналган буудайды жана арпаны сактай турган эки курулушу бар эле. Алар көп жылдардан бери ээн калган. Каатчылык жылдары жазгы себүү иштери токтоп, кызматчылар болсо тарап кетип, ал эми бул эки курулуштун болсо качандыр бир убакта пайдасы тийип калат, деп эч кимдин оюна да келген эмес.  Бирок, Алла Айюбдун жерине булут жиберип,  бир курулушун алтын менен, экинчи курулушун күмүш менен толтуруп салды. Алла Таала Айюб пайгамбарга  байлыкты түптүз эле асмандан жаадырып койду.  Ага алтындан жана күмүштөн болгон жамгыр жаап жатты.

Андан ары мындан дагы укмуштуу окуялар боло баштады. Алла Айюбду алтын чегирткелерге толтуруп койду. Айюб көргөн көзүнө ишене албай жатты. Жакында эле ал кедей, алсыз, ал эми аялы болсо көрүнгөндүн жумушун кылат эле. Аялы ыйманын жана сабырын сактап калыш үчүн бардыгын курманчылыкка чалды. Ал эми азыр болсо, ал алардын байлыгы күн санап өсүп жаткандыгын көрүп жатат. Алла Өзүнүн мээрими менен бул байлыктарды жөн эле берип койду! Акыйкатта, Алла үчүн мүмкүн болбогон нерсе жок, Ага “бол”,  деп бир гана сөз айтып коюу жетиштүү, Ал каалай турган болсо, ошол нерсе болот.

Айюб асмандан сансыз байлыктын жаап жатканын көрүп, аларды жыйнай баштады. Алла Таала андан: “О, Айюб бул зарылдыктан Мен сени кутултпадым беле?”  — деп сурады, “Мен сага тартуулаган нерселер жетишпейби, эми ушуларды дагы жыйноо сага зарылбы?” – деген мааниде.

-Ооба, Сенин кудуретиң менен ант берем, бирок сен жиберген белекке болгон зарылдыктан кутула элекмин! – деп жооп берди Алланын пайгамбары, мунун алтын экендиги көп маанилүү эмес, бирок булардын бардыгы Алладан экендиги жана бул уруксат берилген байлык экендиги маанилүүрөөк, деген ойду билдирүү менен. Бул Анын бийлигинин жана Анын адилеттигинин, Анын Рахматынын жана Анын Байлыгынын күбөлүгү.

Алтын кымбат байлык катары Айюб үчүн өзүнчө мааниге ээ эмес болчу, бирок, Алла Өзү аны укмуштуудай жол менен Өзүнүн сабырдуу пайгамбарына берип жатканы чоң мааниге ээ. Анын үстүнө бай болууга тыюу салынган эмес, анткени бай адам бөлөктөргө муктаж болбойт, тескерисинче, кедейлерге, жакырларга жардам берип  жана байлыгын жакшы иштерге жумшайт.

Мына ушинтип, Мээримдүү Алла Айюбдун жана анын аялынын ден-соолуктарын жана сулуулуктарын мурунку калыбына келтирди, бай кылды жана жоготкондорунун ордун ашыгы менен кайтарып берди. Бирок, Айюбга анын сабыры үчүн бериле турган дагы бир жакшылыгы бар эле. Биз пайгамбардын көп балдары болуп, бардыгы оорудан кайтыш болгонун билебиз. Мына ошол кайтыш болгон балдарынын ордуна Алла Айюбга жана анын аялына канча баласынан айрылган болсо, ордуна ошончо баланы кайра берди. Балдар ата-энесинин кубанычы болушуп, аман-эсен өсүп жатышты. Алланын бул Мээрими Айюб жана аялын дагы да байытты, анткени, Алла Таала кайтарып берген нерселеринин ичинен эң кымбаты бул балдары болучу.

Айюб жана анын жубайы ошол окуялардын кийин дагы жетимиш жыл жашашты. Өмүр бою алар бир гана Аллага ибаадат кылышты жана такыбалардан эле. Алланын берген нерселерин бир гана сооптуу иштерге жумшап, балдарын да ушуга үйрөтүштү. Алла Таала тараптан канчалык кыйын сыноолор келбесин, алар мурдагыдай эле боорукер жана адамдарга кайрымдуулуктарынан жазбастан, бөлөктөргө жардамдарын берип жана өздөрүнүн Роббисине алкыш-мактоолорду айтып, даңктап жатышты.

Айюб жөнүндө Куранда:

Биз анын сабырдуу экендигин көрдүк. Кандай жакшы кул! Акыйкатта, ал дайыма Бизге кайрылчу”.

 Пайгамбарларга Алла Таала эң оор сыноолорду жиберет, анткени алардын ыйманы жөнөкөй адамдардыкынан күчтүүрөөк болот. Айюбдун басып өткөн өмүр жолу калган Алланын пайгамбарларынын жана элчилеринин  биринин дагы басып өткөн өмүр жолдоруна окшобойт. Ааламдардын Роббиси бул тарыхты, биз дайыма сабырдуу болуубуз үчүн жана ошондой эле Айюбдун өмүр жолу кийинки урпактарга өрнөк болуусу үчүн баян кылды.

Момун мусулмандын сабыры анын күчүн албайт, тескерисинче, күчүнө күч кошуп, аны дагы да бекем кылат. Сабыр рухту кооздойт жана бөлөктөргө туруктуулуктун жана өзүнө болгон ишенимдин үлгүсүн көрсөтөт.  Сабыр – чыныгы ыймандуулукту чагылдырып турган кулк-мүнөздүн белгиси. Бирок, эгер сен азыр сабырдуу боло албасаң, анда буга үйрөнсөң болот. Кандай жакшы касиет болбосун, алсыздыкка алдырбастан аны тарбиялай турган болсо, ар бир адам ага ээ боло алат.

Дагы бир эске алып коё турган нерсе, сабыр кылуу деген бул  аракет кылбастан, өзү өтүп кетээр деп олтуруп алып күтө берүү эмес. Ооруда адам айыгуунун дабасын, акчадан тартыштыкта аны иштеп табуунун жолун издейт, ал эми орду толбос жоготууга учураса, анда Аллага тобокел кылат жана жоготкон нерсесинин ордуна андан да жакшыраак нерсе бер деп Роббисинен суранат.

О, Алла, бизге да  асыл адам Айюб пайгамбар сыяктуу сабырдуу болууну насип кыл!

 

Булак: «Пайгамбарлар кысасы» китебинен.