Ош шаарында 3 кабаттан турган бардык шарты менен «Мажүрүм тал” мечити ишке берилди (фото)

Кечээ, 24-декабрда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу калаанын «Курманжан-датка» кичи районунда 2500 адам ылайыкташкан  3 кабаттан турган бардык шарты “Мажүрүм тал” жаңы мечити ишке берилди.

Мечиттин ачылыш аземине Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, ДИМК ТАБнын башчысы Исакбай Мурзабеков жана имамдар, шаар тургундары катышты.

Жаңыдан ишке берилген мечиттин ачылышында шаар казысы жаңы имамды дайындап, мечитте жума намазын дайыма окулуп туруусуна уруксат берди.

“Мечитти башынан аягына чейин демөөрчүлүк кылган жигит өз атын купуя кылууну өтүндү жана мечиттин курулушуна эл тарабынан дагы тыйын чогултпоого чакырган. Ал жигит араб же башка өлкөнүн жараны эмес, өзүбүздүн эле Кыргызстандын жараны болгону бизди кубандырды”, – деди Убайдулла ажы Сарыбаев

Ал эми Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев мечит куруу канчалык сооптуу амал экенине айтып, буларга токтолду.

“Мечит куруу үчүн бир аз болсо да салымыбызды кошуп калуубуз керек. Анткени анын сообу биз өткөндөн кийин да улана турган сооптордун бири болуп саналат”— деди Самидин кары Атабаев.