Алай районунун баш имам хатиби Тиллабай ажы Кадыров районго караштуу мечит имамдарына жыйын өткөрдү

Кечээ, 24-декабрда Ош облусунун Алай районунун баш имам хатиби Тиллабай ажы Кадыров Алай районунун мечит имамдарына жыйын өткөрдү.

Жыйында  Тиллабай ажы Кадыров имамдардын жыл ичинде аткарган кызматы менен таанышып, имамдарды нике журналдарын колдоно билүүгө чакырды.

Ошондой эле жыл жыйынтыгы катары 2019-жылы аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата мечиттерде коюлган видеокамералар менен компютердик-базалык системаны колдонуу боюнча имамдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.