Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз каары Закиров умра ибадатына баруучу зыяратчыларга жыйын өттү

Кечээ, 24-декабрь Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз каары Закиров жана казынын орун басары Бакытбек ажы Түнгатаров умра ибадатына баруучу зыяратчыларга жыйын өткөрдү. Жыйында облус казысы умра сапарын Бакытбек ажы Түнгатаров жетектей тургандыгын билдирип, кичи ажылдык тууралуу буларга токтолду.

Урматтуу бир туугандар! Мына сиздер Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы уюштурган алгачкы умра сапарынын катарын толтуруп отурасыздар. Аллахым сапарыңарды жеңил кылсын, зыяратыңар кабыл болсун! Умра  башчыга моюн сунуңуздар, себеби моюн сунуу бул ибадат. Сапараңыздар байсалдуу болсун”,-деди облус казысы.

Аягында умрага баруучуларга казыяттын атынан белектерин берип, жолугушуу дуба кылуу менен жыйынтыктады.