Ош шаарындагы медреседе эмгектенген «Мыкты мугалимдер» сыйланды

Кечээ, 24-декабрда Ош шаардык мусулмандар казыятында калаадагы медреселерде билим берген окутуучуларга «Мыкты мугалим» сыйлыгы тапшырылды. Сыйлыкты Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев өз колу менен тапшырды.

Мындай сыйлыкты тапшырууда окутуучунун адеп-ахлагы, жүрүм-турумуна көңүл бурулуп, балдардын жан дүйнөсүн байытууда түрдүү усулдук колдонмолорду колдонуп, Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтууга кошкон салымы үчүн тапшырылган.

Төрт медреседе эмгектенген мугалимдеринин ичинен мыкты деп тандалып алынган окутуучулар төмөнкүлөр аталды:    

1.«Умму Мухаммад» медресесинин мугалими Хабибулла Доолов

2. «Сулайман-Тоо» медресесинин мугалими Абдулаким уулу Алмирбек

3. «Абдумутолиб кары» Куран окуу борборунан окутуучусу Гапиров Дастан

4. «Сайида Хадича» медресесинин мугалими Токтосунова Мадина

Сыйлык тапшыруу учурунда Убайдулла ажы Сарыбаев мугалимдерге өз насааттарын айтып, келечек билимдүү жаштардын колунда экенин, ал үчүн мугалим канчалык билимдүү болсо, андан тарбия алгандар ошончолук мыкты болуп чыгаарын баса белгиледи.