Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев окуучуларды китеп окууга чакырып, бул жаатта райондук билим берүү бөлүмү менен кызматташат

Бүгүн, 25-декабрда Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев Кочкор районунун Кочкор айылындагы И. Арабаев жана  Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинде окуучулар жана ата-энелер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда ата-энелерге бала тарбиясы, адеп-ахлак тууралуу баяндамасын жасап, окуучуларга илим-билим алуу, адептүү болуу жана китеп окуу туурасында кеңири пикир алышты.

Андан соң Мамбетасан ажы Ибраев Кочкор районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Өзүков менен жолугушту. Жолугушууда окуучуларды тарбиялоодо биргелешип иш алып барууга чакырды. Айрыкча китеп окуу боюнча окуучулар арасында сынактарды өткөрүү, окуучуларды китеп окууга кызыгуусун арттыра турган ыкмаларды колдонуп, тажрыйба алмашуу боюнча макулдашылды.