Баткен шаарынын «Таква» мечитинин имамы Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Ардак грамотасы» менен сыйланды

Баткен шаарындагы «Таква» мечитинин имамы Абдулаким ажы Сейдакматов аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө матриалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүүдө жана коомдук ишкерге активдүү катышкандыгы үчүн  КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Ардак грамотасы» менен сыйланды.

Ошондой эле Абдулаким ажы Сейдакматов «Баткен Таңы» облустук  газеттасы жарыялаган «Адам болуу ыймандан атуу» кароо сынагында «Жетимдин дубасы» жакшылык кылганга сөзсүз жакшылык кайтат» деген макаласы үчүн «Баткен Ыйман Нуру» коомдук фондунун  III даражадагы диплому менен сыйланды.

Абдулаким ажы Сейдакматов 1964-жылы 5-апрелде Баткен районунун Кайынды айылында туулган. 1996-жылдан бери дин кызматкери катары эмгектенип келет. Облус аймагындагы белгилүү аалымдардын бири.