Баткен шаардык хатибиятында «Исламдагы аялдардын орду» аттуу иш-чара уюштурулду

23-декабрда Баткен шаардык хатибияты тарабынан «Исламдагы аялдардын орду» аталышында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы  Юнусов билдирди. Жыйынга шаардын ар кайсы аймактарынан келген айымдар катышты.

Иш-чарада исламда аялдардын орду, укуктары тууралуу Куран аяттары, хадистерден жана аалымдардын сөздөрүнөн баяндамалар айтылып, бир топ пайдалуу маалыматтар берилди.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө ислам дини туурасында суроо-жооп сынагы болуп, туура жооп берген жеңүүчүлөргө белектер берилди.