Дауд (а.с) Жалутту кантип жеңгенин билесизби?

Адамзаттын бүткүл тарыхында Алла ар кандай урууларга жана элдерге көптөгөн пайгамбарларды жана элчилерди жөнөтүп турган. Алла оң жолго салууну каалаган бардык элдерге Алла Таала жөнүндө илими бар адамдар жиберилген. Алардын кээ бирине Алладан Китептер берилген, а кээ бирлери болсо жакшы сөз жана изги амалдары менен адамдарга Акыйкаттын нурун ачып турган. Азыр биз сөз кылып жаткан пайгамбарга болсо Алла Китепти жана илимди эле берип койбостон, ал ак-ниеттик жана адилеттик менен жүргүзгөн падышалыкты да тартуулаган. Ал пайгамбардын аты – Дауд!

Дауд Ибрахим пайгамбардын урпагынан эле жана башка көптөгөн пайгамбарлар сыяктуу Израил элине жиберилген.

Балким, силердин азыр эсиңерде болсо керек, Алланын элчиси катары такыба Муса жана анын бир тууганы Харун Израил элин, алар кулдукта жүргөндө Египеттен алып чыгышкан. Андан соң Израил эли чөлдө кырк жыл каңгып жүргөн. Качан Алла Мусаны жана Харунду тигил дүйнөгө алып кеткенде, Ал пайгамбарлыкты Юша аттуу адамга, андан кийин израилдик  Шамвил аттуу адамга  ыйгарган.

Ошол кезде израилдиктер алар  такай жүргүзүүгө туура келип турган согуштардан азып-тозуп, арыктап начарлаган абалда эле.

Израилдиктер  кыйналып кетишти, ошондуктан алар Шамвилден, аларды жетектеп согушка алып кире турган падыша шайлап берсин, деп Аллага кайрылуусун өтүнүштү Жараткан Алла аларга Талут аттуу адамды падыша кылып берди. Талутка бардыгы эле ыраазы боло берген жок, ошондой болсо да анын кол башчылыгы менен Алланын душмандарына каршы согушууга көп сандаган аскер аттанып чыкты. Алардын арасында биздин жаш баатыр,   болочоктогу Алланын пайгамбары Дауд да бар болчу.

Талут душманга каршы өзүнүн сексен миң аскерин жетектеп баратты. Мынчалык көп сандаган аскерге эч ким туруштук бере албоочудай туюлган, анын үстүнө Жараткан Алла Таала дагы алар тарапта эле. Бирок, Алла салгылашууга кирээрдин астында момундарды  бир сынап көрүүнү чечти.

Жүздөгөн чакырым жерди басып өтүп, аскер дарыянын жээгине келип токтоду. Талут бул дарыянын суусунан бир күндө бир гана жолу ичүүгө башка убакта ичпөөгө катуу буйрук кылды. Бул катуу буйрукту падышанын өзү чыгарган эле, бирок эрки бош жоокерлерди бул буйрук токтото алган жок.

Аскер дарыянын жээгинде бир топ күн туруп калды жана бул мезгилде көптөрү өздөрүнүн падышасынын шартын бузууга үлгүрүштү. Качан жолго аттанууга буйрук болгондо, сексен миң кишиден буйруктун шартын бузбаган төрт гана миң киши калган экен.

Эрки бош адамдарды Талут үйлөрүнө кайтарып жиберди. Өзү болсо.чакан бирок, бекем аскердин коштоосунда салгылашууга аттанды. Албетте, бул бекем, ишенимдүү жана өзүнүн падышасына берилген жоокерлердин арасында болочоктогу пайгамбар Дауд да бар эле.

Белгиленген жерге жеткенден кийин, Талуттун жана анын аскерлеринин көз алдына сан жеткис душмандын колу урунду. Душмандардын кол башчысы  эбегейсиз зор Жалут эле. Ал ушунчалык чоң болгондуктан, израилдиктердин арасынан эң  эле эр жүрөктүүмүн деген жоокердин да ага жекеме-жеке чыгып салгылашуусу арсар болчу. Бул дөөдөй немеден бир гана эр жүрөк Дауд корккон жок.

Ошол замандын салтына ылайык, кандай салгылашуу болбосун ал эң мыкты жоокерлердин жекеме-жеке кармашынан башталчу. Душман тараптан жекеме-жекеге дөөдөй Жалут чыкты, ал эми анын каршылашы болсо – такыба Дауд болду.

Жалут ушул жигит менен күч сынашаарын көрүп каткырып көпкө күлдү. Күлкүсүнөн денеси солкулдап, ал мындан мыктыраагыңар жокпу, деп Даудду шылдыңдап, кемсинтип, кордоп жатты, бирок качан эрөөлдүн убактысы келгенде, капысынан иш башкача өңүттө жүрө баштады.

Дөөдөй Жалут менен кылыч аркылуу күч сынашуу кооптуу эле, ошондуктан Дауд душманды алыстан туруп жеңүүнү чечти, анткени ал салмоор менен согушканды мыкты билчү. Салмоор бул кайыштын ортосуна ташты ороп, аны душман тарапка атып ыргытуучу курал.  Салмоорчу салмоорду башынан өйдө айландырып, жандыруу менен, душман тарапка ташты атып жиберчү.

Качан Дауд мээлеп туруп ташты Жалутту көздөй атып жибергенде, таш барып анын башына тийди. Жалут чайкалып барып, жерге өлүк бойдон кулап түштү. Бул Дауддун, бүткүл израил аскеринин рухун көтөрүп, душмандын үстүнөн жеңишке жетүүгө себепчи болгон ажайыптуу жеңиш эле.  Алла Таала кимге кааласа, ал эч жеңишке жетише албайт деген жерден да жеңишке ээ кылып коёт. Бир гана Алла Таалага тобокел кылып, жана себептерин аткаруу керек.

Израил эли Даудду анын эр жүрөктүүлүгү жана чыныгы ыйманы үчүн өтө жакшы көрүп калды.

Израилдиктердин кийинки падышасы башка эч ким эмес Дауд өзү болду. Мындан мурда эч качан Алла пайгамбардыкты  жана падышалыкты  бир кишиге берген эмес. Ал эми Даудду болсо, Алла Таала тандалган элге падыша кылып шайлады.

Дауд адилеттүү өкүмдар болду жана ар качан Алланын мыйзамын сактачу. Алла Таала Өзүнүн пайгамбарына тартуулаган мужизалардын бири бул Забур аттуу китеп болду. Дауд Забурду окуганды абдан жакшы көрчү. Ал кыраатын келтирип, аны ар кандай үндөр менен окуйт эле жана Забурду окуунун жетимиштен ашык ыкмасын өздөштүргөн. Ар күнү эртең менен жана кечинде израилдиктер анын   Алланын Мээримин эске салган  үнүнөн рахат алышчу.

Бүгүнкү күндө мусулмандардын окуп жүргөн китеби бул ыйык Куран. Куран бизге кылымдардан кылымдарды басып олтуруп өзгөртүлбөстөн, мындайча айтканда, Алла Таала кандай жеткирүүнү каалаган болсо, ошондой болуп жетти.

Анын үстүнө, Куранда Алла жалаң эле мусулмандарга кайрылбастан, Кудайга ишенбеген адамдардын бардыгына кайрылат. Бул деген, Куран акыйкат жолду таба элек, бирок бардык күчү менен аны табууну каалаган адамдардын бардыгына кайрылат.

Биз көпчүлүк учурда Куран – бул Алла Таала адамзатка тартуулаган баа жеткис казына экендигин көңүлдөн чыгарып коёбуз. Биз көп убактыбызды бир нече аят же сүрө жаттап алгандын ордуна, керексиз иштерге алектенүү менен өткөрүп жиберебиз.

Курандын жакшылыгы ушунчалык, адам баласына ааламдардын Роббисинин Китебин окуу менен эле Алланын ыраазылыгын табуу мүмкүнчүлүгү берилген. Мындан тышкары, эгер кимдер Куран окуй алышпаса, анда алар  Ыйык Китепти угуу менен эле сооп таап алса болот. Ал эми Куранда канчалык даанышмандыктар жана Улуулуктар бар! Канчалык Сулуулук жана Тазалык бар. Куранды эң мыкты окуучулар адамдарга Алла Тааланын эң чырайлуу сөздөрүн жеткизип, биздин жашообузду көрктөндүрүп турат. О, Алла бизге бул Китепти түшүнүүнү жана окуй билүүнү насип кыл жана Дауд Забурдан рахат тапкан сыяктуу бизге да андан рахат табууну насип кыл!

Дауддун Забуру дагы Алланын Китеби, бирок ал Израил эли үчүн гана түшүрүлгөн. Алланын Мээрими израилдиктер үчүн зор болгону ушунчалык, аларга көптөгөн пайгамбарлардан тышкары, келечектеги жашоого эскертүү катары Китептерди да жиберген. Жана бүгүнкү күндөгү биз билген  Куранды окуучулар сыяктуу эле, ошол байыркы мезгилде да Дауд Забурду окуган.

Забурдан тышкары Дауд пайгамбарга көптөгөн мужизаларды берген. Мисалга алсак, ал канаттуулардын тилин дагы билген жана эч кыйынчылыксыз алардын эмне деп сүйлөшүп жаткандарын түшүнгөн. Ал канаттуулар ток мезгилинде да ач мезгилинде да ырыскы Берүүчүнү даңктап жаткандарын уккан.

Дауд булуттардын арасында канаттуулар чарчаган мезгилинде да, күчкө толгон мезгилинде да Кудурет Ээсин даңктап жаткандарын уккан. Ал канаттуулардын бул дүйнөгө келип жатканда да, бул дүйнөдөн кетип жатканда да Жашоо Берүүчүгө алкыш айтып, мактап жаткандарын уккан.  Ошондой эле Дауд, ушундай болоору жөнөкөй адамдын үч уктаса түшүнө кирбей турган,  тоолордун да Алланы даңктап, Ага мактоо-алкыш айтып жаткандарын уккан!

Биз өзүбүздүн түйшүгүбүз жана эс алуубуз менен, кайгыбыз жана кубанычыбыз менен жашайбыз. Чындыгында, асмандагы жана жердеги бардык тирүү жандыктардын Аллага мактоо айтып тургандары биздин оюбузга кирип да койбойт. Биз  көрүп турган нерселердин бардыгын Алла Таала жараткан. Биз көрүп турган нерселердин бардыгы чыныгы Улуулуктун Ээси ким экендигин билишет. Дауд канаттулардын жана тоолордун Алланы мактап жаткандыгын угуу менен Алланын Улуулугу эмне экендигин канча эсе артык билген.

Дагы Дауд пайгамбар өзүнүн убактысын кантип өткөргөндүгү жана  орозону көп кармаганы  белгилүү.  Ал убакта адамдар Рамазан айында орозо кармоо керектигин билишкен эмес, ал эми Дауд болсо орозону күн алыс кармаган. Мына ушинтип, Алланын элчиси Дауд пайгамбар өмүрүнүн жарымын орозо кармоо менен өткөргөн.

Азыркы мусулмандар да Дауддун орозосун кармашат. Көпчүлүк ыйманы бакубат момундар  Рамазан айынан тышкары мезгилде да орозо кармашат. Бизге белгилүү болгондой, бул Рамазан айынан кийинки  эң жакшы орозо.

Дауд пайгамбар түндүн бир бөлүгүндө уктап, калган бөлүгүн ибаадатта өткөргөн. Аллага ибаадат кылуу анын эң сүйүктүү иши болгон. Ал Аллага мактоо-алкыш айтып, Аны даңктоо менен сөз менен айтып бере алгыс бейпилчилик тапкан. Ал өзүнүн Роббисинин алдында туруудан  жалкоолонгон эмес жана анысына даттанган да эмес. Алла Тааланын чыныгы берилген кулу сыяктуу, Дауд ушундай мүмкүнчүлүк берилгенине өтө бактылуу эле.

Мына ушинтип, Дауд эртең менен жана кечинде Забурду окуп, күн алыс орозо кармап, ал эми түндү болсо, ибаадатына жана уйкусуна ажыраткан. Ал эми бул ажайып адам Аллага ибаадат кылбаган мезгилин эмне кылып өткөргөн? Канчалык таң калыштуу болбосун, эң зор падышалыктын өкүмдары болуп туруп, ал ага чейин эч ким билбеген өнөргө ээ эле. Дауд соот жасаганды билчү. Соот деген бул куралдын бир бөлүгү, ал жоокердин денесин жаралануудан сактайт. Дауд соот жасоо өнөрүн өздөштүргөнгө чейин, жоокерлер денесин коргоо үчүн өтө оор жана ыңгайсыз жалпак темирлерди пайдаланышчу.

Дауд жоокерлерди коргоонун жеңилирээк жана ыңгайлуураак жолун тапты. Ал жүздөгөн темир тегерекчелерин бири бирине өткөрүү менен көйнөк сыяктуу кийим жасаганды өздөштүрдү. Жоокер темир соотту кийчү жана бул анын кыймылына да эч кандай тоскоолдук кылчу эмес. Соот ыңгайлуу эле жана жоокерди кылычтан, найзадан жана жаа огунан эң сонун сактап турчу.

Алла Даудга темирди эритип аны жылаңача колу менен жууруй турган ажайып жөндөмдүүлүктү насип кылды, ошондуктан соот жасоо жумушу Дауд үчүн жеңил эле жана акча да алып келчү жана Дауд ошонун кирешесине жашачу.

Дауд жасаган сооттун ар бири адамдын өмүрүн коргоого арналган. Андыктан, эгер соот начар жасалып калса, жоокердин өлүмүнө Алланын астында жооп берип калбас үчүн ар бир соотту эң мыкты жасоо талап кылынган. Жана ошондой эле, Дауд эгер ал сапатсыз темирден жасалган начар соотту сатса жана согушта кылычтын соккусу аны кесип кете турган болсо, жоокердин өлүмүнө ал күнөөлүү болуп калаарын билген.

Мындан, кымбаттуу окурмандар, биз дагы бир даанышмандыкты өздөштүрүп алышыбыз керек: адам өзүнүн жашоосунда эмне менен алектенбесин, ал өзүнүн ишин эң мыкты аткарыш керек. Момун-мусулман адам кайсы кесипти тандап албасын, мейли ал наавайчы, же сүрөтчү, же врач, же аскер адамы болсун, ал өзүнүн ишин эң мыкты билип жана аны дагы эң мыкты аткара билиш керек! Мусулман адам өзүнүн ишине шалаакы мамиле кылып, же эптеп септеп эле бүтүрүүнүн амалын кылбаш керек, андай болбойт. Биз Алланын астында жасаган ишибиз үчүн жооп беребиз. Эгерде биз жасаган ишибизге шалаакы, ынтаасыз мамиле кылсак, анда биздин мындай мамилебизден, бизге эч качан жардам болбойт.  Ал эле эмес, качан ааламдардын Роббисинин алдында жооп бере турган болсок, андай мамилебиздин бизге зыяны тийет.

Алла сот маселелеринде өкүм чыгарууда Даудга даанышмандыкты насип кылган. Ага адамдар, алардын талаш-тартыш жана келишпестик маселелерин чечип берүү өтүнүчү менен тез-тез келип турушчу. Ар бир мындай иш өзүнчө кароону, өзүнчө чечимди талап кылчу. Дауд ар дайым такыбалыкка, Алланын мыйзамына жана чынчылдыкка негизделген туура чечим чыгарчу. Ал ар бир иште жыйынтык чыгарууга шашылчу эмес, ким чын, ким жалган экендигине ой жүгүртүү үчүн атайын убакытты ажыратчу.

Алла Куранда Даудка чечим кабыл алууда даанышмандыкты насип кылганын айтат. Бирок, бир жолу Даудду анын жаңылуусуна аз калтырган бир окуя болуп өттү.

Күндөрдүн биринде Даудка эки киши келди жана анын бири өзүнүн бир тууганын күнөөлөп, даттана баштады. Доогер кедей эле жана анын бир эле кою бар экендигин, ал эми бир тууганынын болсо токсон тогуз кою бар экендигин айтты. Жана ал ошол жалгыз коюн анын бай бир тууганы алып алгандыгын айтып ыйлап, ишендирип жатты.  Качан ал коюн кайтарып алайын десе, бир тууганы бербей коюптур.

Кедей талашта дайым бир тууганы жеңип алаарын жана ал соттун чечимисиз өзүнүн тууралыгын далилдей албасын билдирди.

Бул экөө Даудга пайгамбар ага бирөөнүн келүүсүн күтпөй турган мезгилде,  түн кирип калганда келишти. Дауд ал эмес булар өзүн өлтүргөнү келгендерби деп да ойлоп кетти, анткени алар эшиктен эмес, коргондон ашып келишкен. Бир туугандар пайгамбарды адилеттик гана издеп келгендерин айтып ишендиришти.

Сыртынан караганда, чындык кедей тарапта болгондой сезилет, анткени, адам болгондон кийин ар бирибиздин  жүрөгүбүз бар жана биз ар дайым кыйынчылык тарткан жакка жан тартат эмеспизби. Кедейдин  сөздөрү аянычтуу жана чын жүрөктөн чыгып жаткандай болгондон кийин, Дауд бир аз шашып кетти да, экинчиси  туура эмес экен,  деп бүтүм чыгарды. Ошентип ал биринчисин уккандан соң, экинчи бир тууганын укпай туруп эле айта баштады. Пайгамбар айтты: “Бул сенин коюңду өзүнүн койлоруна кошуп алып, адилетсиздик кылды. Акыйкатта, көп өнөктөр бири бирине адилетсиздик кылышат, ыйман келтирип жана жакшы амалдарды кылгандардан тышкарысы, бирок андайлар аз”.

Ошол замат Дауд өзүнүн ката кетиргенин түшүнө койду. Бул анын шашмалыгынан кетирилген катасы эле.   Дауд сажыдага жыгылды да, Алладан кечирим сурай баштады. Ал көпкө кечирим сурады жана ашакалактык кылып койгону үчүн абдан өкүнүп кыжаалат болду. Алла Куранда бул окуяда бир туугандардын кимиси күнөөлүү экенин айтпайт, бирок бул окуядан биздин ала турган пайдабыз андан бир канча эсе маанилүүрөөк.

Эки адамдын талашын чечүүдө эки жактын тең келтирген жүйөөсүн угуу керек. Иште шашмалык кылуу ар дайым катачылыкка алып келет.

Дагы бир жолу Дауд пайгамбарга эки адам келди. Алардын бири экинчисин, бул менин уюмду уурдап алды, деп айыптады. Экинчиси болсо, бул ишти мен кылган жокмун, деди. Бул жолу элдер падыша кандай чечим чыгараар экен деп байкап турушту. Дауд экөөнү тең аябай тактап сурады, бирок кимиси чын, кимиси жалган айтып жаткандыгын аныктоого эч бир илинчек табылбады. Алланын пайгамбары шашылган жок жана бул иш боюнча чечим чыгарууну кийинкиге калтырды.

Түндөсү Дауд көпкө ибаадат кылып, Алладан адилеттик жолунан тайып кетпес үчүн ушул иштин чечимин сурады. Бир нече убакыт өткөндөн кийин Алла Таала пайгамбардын жүрөгүнө ушул иштин, доо кылып жаткан адам өлүм жазасына тартылсын, деген чечимин билдирди. Мындай болушу мүмкүн эмес эле го, доочу адам жалган доо кылып жаткан күндө да, жалган күбөлүк үчүн өлүм жазасы берилбейт эле го? Бирок, Дауд пайгамбар Алланын мужизасынан, дал ошондой болушун билген.

Эртеси күнү Дауд пайгамбар өзүнүн чечимин жарыялады. Элдин баары доочу адам  сыяктуу эле бул чечимге өтө таң калышты. Жазага тартылган адам тайсалдап, актана баштады. Ал падышанын чечимине түшүнбөй жаткандай түр көрсөттү.

Дауд токтоолук менен байкоо салуу менен суроолорду берип жатты, анткени ал ааламдардын Роббиси Өзүнүн өкүмүндө адилет экендигин билген.  Бечара доочу адам көп өтпөй качандыр бир убакта адам өлтүргөнүн мойнуна алды. Өлтүрүлгөн киши ал жалаа жаап жаткан кишинин атасы экен. Мына ушинтип көп жыл бою көмүскөдө жаткан чындык ачыгына чыкты. Бул адам акыйкат өзү бир адамды айыпка жыгып жаткан маалда ачыкталат,  деп эч качан ойлогон эмес.

Ар бир момун-мусулман адам бардыгына жашыруун нерсе, Аллага белгилүү экенин билет. Ааламдардын Роббиси ар бирибиздин эмне болгонубузду жана келечекте эмне болоорубузду эле эмес, эгерде Алла башкача каалаганда эмне болмогубузду да  билет. Биздин ар бирибиздин жаман амалыбыз эртеби, кечпи баары бир белгилүү болот, анткени Алладан эмнени болсун жашыруу мүмкүн эмес.

Күндөрдүн биринде, Дауд пайгамбар, ал анда жүзгө чыгып калган  курагы эле, үйүнө кирди да бир бейтааныш адамды көрдү.  Дауд пайгамбардын ачуусу келди, анткени ал өзүнүн уруксатысыз, аялына кимди болбосун үйүнө киргизүүгө тыюу салган.

-Сен кимсиң? – деп кайрылды пайгамбар бейтаанышка.

-Мен бөтөн үйлөргө кирүүгө уруксат берилгендерденмин. Мен кирген үй кедейдики болобу же падышаныкы болобу мага баары бир, — деп жооп берди бейтааныш.

-Сен анда өлүм периштесисиңби? – деп сурады Дауд.

-Ооба, — деп жооп берди бейтааныш.

Пайгамбар бүткүл жан-дүйнөсү менен бул жаналгыч периште анын жанын алуу үчүн келгенин түшүндү. Өлүм периштеси менен саламдашып, Дауд аны  кучагына алды.

Мына ушинтип Дауд аттуу улуу жана адилеттүү адамдын, такыба жана эр жүрөк Алланын пайгамбарынын жана элчисинин өмүр жолу аяктады. Дауд пайгамбар өлүмдөн  корккон жок, анткени, душман менен болгон салгылашууларда көп жолу ага өлүмдүн көзүнө тике кароого туура келген. Дауд пайгамбар өлүмдөн корккон жок, анткени ал Алланын ар бир пендесинин ченелүү жолу бар экенин билген. Дауд пайгамбар бардыгына жашоо тартуулап жана аны кайра качан каалаганда алып жаткан Алланы жакшы көрчү, ошол себептен ал Роббисине жолугууну самаган.

Израилдиктер өздөрүнүн бардык болгон эң жакшы сапаттарды өзүнө бириктирген падышасын жакшы көрүшчү. Дауд пайгамбардын жаназасына кырк миңден ашык киши келди. Мынчалык көп сандаган кишинин келүүсү, Израил элинин өздөрүнүн падышасына, Алланын пайгамбарына жана элчисине ыраазы экендиктеринин белгиси эле.

Бизге дагы, о, Алла, кичине болсо да такыба падыша Дауд пайгамбардын жашоосуна окшогон, татыктуу жашоону жашап өтүүнү насип кыл!

 

Булак: «Пайгамбарлар кысасы» китебинен.