Баткендеги «Нур» Куран жаттоо медресесинде мыкты окуган студенттер сыйланды

Бүгүн, 30-декабрда Баткен районундагы «Нур» Куран жаттоо медресесинде кышкы сынактар аяктап, мыкты тапшырган студенттерге мактоо баракчалары тапшырылды. Бул тууралуу медресе мүдүрү Абдурахман каары  Гапаров билдирди.

Анын айтымында, учурда бул медреседе 35 студент билим алууда. Алар үчүн тийишттүү шарттар түзүлүп, студенттер үчүн сынактар уюштурулуп турат.

«Студенттерге сыйлык берүү алардын жетишкендигин баалоо жана мындан ары окууга дагы кызыктыруу биздин негизги милдет. Ошондуктан медресенин атынан мактоо баракчалар жана ар түрдү белектер мугалимдерди  сунушу менен  тапшырылды. Ал эми экзамендер менен каттар медреседе өтүлүүчү сабактардан түзүлгөн суроолрдун негизинде интеллектуалдык оюну уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди»,- деди медресе мүдүрү.

Белгилей кетсек, Куран жаттоону каалаган студенттерди даярдаган бул медреседе учурда 35 студент билим алууда, медреседер бардык шарттар заманбап үлгүдө түзүлгөн.