«Ислам маданияты» телеберүүсү жыл жыйынтыгын чыгарды

Баткен облустук мусулмандар казыяты «Баткен ТВ» телеканалы менен биргеликте эфирге чыгарылган телеберүүнүн жыл жыйынтыгын чыгарды. Жыл жыйынтыгын чыгарган эфирге Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров катышып, «Акыретке даярдануу» деген темада баяндамасын жасады.

Ошондой эле жыл ичинде айтылган баяндамаларга сарасеп салып, коомчулукту айтылган насааттарга күнүмдүк турмушка амал кылууга  чакырды.

Белгилей кетсек, «Ислам маданияты» телеберүүсү 2019-жылы 48 жолу түз эфир аркылуу эфирге чыккан. Телеберүү жумасын 1 жолу 4-жылдан бери эфирге чыгып келүүдө. Анда дин аалымдары Ислам дининин асыл баалуулуктарын, элди жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтырган баяндарды, жаштарды адептүүлүккө үндөп маселелерди айтып келишет.