Фото-Ош облустук мусулмандар казыяты Памирден көчүп келген этникалык кыргыздарга 400 миң сомдук жардам көрсөттү

Кечээ, 29-декабрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Алай районуна караштуу Сары-Могол айылындагы Памирден келип жайгашкан этникалык кыргыздардан кабар алды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, окуу бөлүмүнүн адиси Акжол ажы Бакиров, Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов, Алай районунун баш имам хатибинин орун басары Жыргал Палдыбаев, Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов, «Ыйман бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Жамийла Жапашова, «Саадат Нуру» аялдар окуу борборунун жетекчиси Бусара Сатыбалдиева жана айыл тургундары катышты.

Памирден келген этникалык кыргыздарга 250,000 сомдук күнүмдүк жашоого керектелүүчү тамак-аш азыктары, үй буюмдары, жылыткычтар жана   кийим-кечелери сатылып алынып жеринде берилди. Мындан сырткары 150,000 сомдук төшөк-көрпөлөрү жана килемдер берилип, жалпы 400,000 сомдук каражат сарпталды.

«Биз болгону мусулмандык милдетибизди аткардык. Узак жолдон келген бир туугандарыбызга көмөктөшүү шарияттын буйруктарынан. Учурда алардын шарттары мыкты болбосо дагы жашаган үйлөрү жылуу экен. Кудай буюрса мындай кайрымдуулук иш-чараларды дагы да улантабыз», — деди Самидин кары Атабаев.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 23-декабрь күнү кыргыз өкмөтү 11 үй-бүлөдөн турган 50 памирлик кыргызды Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүшкөн.