Иса (а.с): “О, каргышка калган Иблис! Кулдарын Алла сынайт,  кулдары өзүнүн Роббисин сынабайт”

Биз азыр ушул китептен биле турган Алланын пайгамбарынын жана элчисинин тарыхы, адамзат тукумунун эң таң калаарлык тарыхынын бири болуп эсептелет. Бул улуу пайгамбар, ааламга  элчилердин акыркысы Мухаммад пайгамбар келээрден мурда, пайгамбарлардын акыркысы болгондугу менен белгилүү. Мухаммад пайгамбар менен бул пайгамбарлар тарыхынын каарманынын ортосунда башка пайгамбар болгон эмес. Бул Алланын пайгамбарынын жана элчисинин  аты – Иса,  Мариям уулу. Бул китепте берилген Исанын өмүрү, анын тарыхын толук чагылдырбагандыгы, аны баштагандыгы менен кызыктуу. Эмне үчүн? Келгиле, окуп чыгып анан чогуу билели.

Куранда баяндалган жана Кудус шаарында жашаган Имрандын үй-бүлөсүнө Алла наристе — Мариям аттуу кызды берди. Качан Мариямдын энеси ал боюнда кезинде, балам ибаадатканын кызматкери болот, деп Аллага сөз берген. А качан Мариям төрөлгөндө, энеси капаланды, анткени ал кыз эмес,  эркек болот деп күткөн, ошол себептен ал өзүнүн убадасын кантип аткараарын билбей калды.

Колдорун асманга көтөрүп, ал айтты: “О, Алла, ушул баланы шайтандын азгырыктарынан сакта”. Алла анын дубасын кабыл кылды жана бүткүл өмүрүндө Мариямга шайтан да жана анын кызматкерлери да жолой алган жок.

Алла Таала жакшы билет, бул жарыкка кимдин төрөлөөрүн жана кайсы энеден төрөлөөрүн, ошондуктан балага ибаадатканага кызмат кылуу насип болгон жок, бирок кызга  анда жашоо мүмкүн эле. Анын үстүнө аны тарбиялоого Алланын пайгамбары, Закария аттуу эң жакшы адам киришти.

Көп учурда Закария Мариямдын бөлмөсүндө кайдан экендиги белгисиз, оокат-аштар пайда болуп калгандыгын көрчү. Пайгамбар билгендей, бул Алла ак-ниети жана чынчылдыгы үчүн тандап алган пенделерине насип кылуучу керемет эле.

Жылдар өттү жана Мариям Алланын пайгамбары Закариянын көз алдында өсүп жатты. Ал Мариямды Алланы татыктуу мактоого үйрөтүп жана күнөөлөрдөн этияттап сактады.

Качан Мариям тийешелүү куракка жеткенде, эркектин кебетесинде ага Жабраил периште келди.

Мариям аябай коркуп кетти, анткени ал жоош кыз эле жана эркектер менен жолугушкан эмес. Периште кызга, Алла ага Иса аттуу эркек баланы тартуу кылгандыгы жөнүндөгү кабарды угузду.

Бирок, бул кандайча мүмкүн болсун, анткени Мариям турмушка чыга элек да? Кантип анан ал эркек бала төрөсүн?

“Кыжаалат болбо, Мариям! Алла каалаган нерсесин жаратат: “Ага “Бол”, деп айтуу жетиштүү жана ал нерсе болот”, — деп айтып периште, кетип калды.

Алла Тааланын өкүмү менен андан соң, Мариям атасы жок баланын төрөлүүсүн күтө баштады.

Көп өтпөй Мариям, адамдардын аны күнөө кылдың деп, айыпташып жазага тартаарынан коркуп, ибаадаткананы таштап кетип калды.  Ал алардан оолактап, Палестинанын Вифлей деген шаарына багыт алып,  кетип калды. Чөлдө ал курма дарагынын жанына токтоду. Дал ушул жерде Иса аттуу улуу адамдын, Алланын пайгамбары жана элчисинин жарык дүйнөгө келүүсү насип болгон эле.

Исанын өзүнүн төрөлүүсү эле керемет эле жана кереметтер эч калтырбастан Исаны өмүр бою коштоп жүрдү.

Качан такыба Мариям Исаны төрөгөндө, алы абдан кетип калды, ал эмес ал баланы коопсуз жерге алып барууга да шайы келе албай калды. Бирок, Алла аны таштап койгон жок. Мариямдын бут алдынан оргуп булак чыкты, ал эми курма дарагынан болсо бир заматта жаш мөмөлөр жетилди жана андан жеп, ал күч-кубатына келип алды.

Мариям баласын колуна көтөрүп алды жана өзүнүн айлына, өзүнүн туугандарына жол тартты. Туугандарынын таң калууларында чек жок эле, анткени ал турмушка чыккан эмес эле да. Алар айтышты: “О, Мариям, сенин кантип күнөө кылууга дитин барды? Анткени, сенин апаң күнөөкөр эмес эле да, атаң да андай кишилерден эмес болчу”. Мариям аларга жооп берген жок, болгону колун өзүнүн   уулуна карай жаңсады, ошондон сурагыла дегендей белги кылып. Туугандары андан беш бетер таң калышты:  жаңы төрөлгөн бала алардын суроосуна кантип жооп берсин? Күтүлбөгөн жерден наристе сүйлөп жиберди: “Мен Мариям уулу Исамын, Алла мени пайгамбар кылды жана мага Инжилди тартуулады. Ал мага намаз окууга, зекет берүүгө жана өзүнүн апасына сый-урмат менен мамиле кылууга өкүм кылды”.

Адамдар уккан нерсе, мурда эч ким көрбөгөн керемет эле.  Жаңы төрөлгөн наристенин сөзү адамдарга Мариямга ишенүүлөрүнө жетиштүү болду, анткени Алланын пайгамбары күнөө аркылуу төрөлмөк эмес. Жана бул деген такыба Мариям чындыкты айтты дегендин  белгиси эле.

Наристе Иса жарык дүйнөгө келген күнү наадан адамдар сыйынып келген көптөгөн буттардын таш-талканы чыкты. Бул деген жерге Алланын пайгамбары келди жана ал жакында Алланын динин тазалайт жана аны жаңылайт, деген жогортон келген белги эле.  Алланын бардык  башка пайгамбарлары сыяктуу эле, Иса дагы жерге адамдарды бир гана Аллага сыйынууга чакыруу үчүн жиберилген.

Ошол күнү дүйнөдөгү бардык шайтандар ташбараңга алынган. Бул жазадан алардын башчысы текебер Иблис дагы четте калган жок. Ал шарапаты менен жүздөгөн жана миңдеген анын жан жөкөрлөрүнүн ташбараңга алынууларына себепчи болгон наристени издеп табууга буйрук берди. Качан шайтандар Исаны табышканда жана ага зыян жеткиргилери келгенде,  периштелер келечектеги пайгамбарды тегеректеп алышты жана аны Алланын душмандарынан коргоп калышты.

Иса абдан жакшы бала болуп өстү жана апасынын сөзүн дайыма укчу. Апасы эмнени суранбасын, анын айткандарын ал дароо аткарчу жана эч качан ал апасын капа кылбады  жана энесинин да уулу үчүн санаа тарткан учуру болгон жок.

Исанын апасына кылган мамилеси,  бизге ата-энеге болгон мамиленин эң сонун үлгүсүн көрсөтөт. Силердин ар бириңер, урматтуу окурмандар, ойлонуп көргүлөчү, силер  ата-энеңерге канчалык сый-урмат көрсөтөсүңөр? Алардын силерге  үнүн көтөргөн учурлары болобу? Ээн баштык кылган жана өзүңөрдү жаман алып жүргөн учуруңар болобу? Өмүр бою биз үчүн камкордук кылып жана өздөрүнүн сүйүүсүн тартуулаган ата-энебизди көп  учурда  капа кылабызбы?  Эгерде мындай учурлар болуп калса, анда Иса пайгамбардан үлгү алып, ата-энеңерди сүйүп, аларды сыйлап жана аларды капа кылбай аларга дайыма жардам бере турган болсоңор, бул кылганыңар силерге өтө пайдалуу болот.

Кичинекей бала кезинде эле Иса бөлөк балдар менен ойноп жатып,  аларды өзүнүн билими менен таң калтырчу. Мисалга, анын досторунун бүгүн үйүндө эмне тамак ичишкендеринин жана үйлөрүндө эмнени сактап жатышкандарынын илимин Алла ага ачып турчу. Кичинекей Исанын достору абдан таң калышчу, анткени мындай нерселерди ийне жибине чейин эч ким биле алчу эмес. Ал эми Исага  болсо ар түрдүү нерсенин илими бала чагында эле берилген.

Укмуштай кереметтерди көрсөткөн бала жөнүндөгү кабар бат эле адамдардын арасына тарап кетти. Алар Иса жөнүндө кызыгышып жана ал жөнүндө көп кеп кыла башташты.

Айта кетүү керек, Израил эли Иса төрөлгөн мезгилде, мурдагы пайгамбарлар жана элчилердин үйрөткөн нерселерин таптакыр унутуп калышкан. Израилдиктер Алланын Китебин окушчу, бирок Анын буйруктарын аткарышчу эмес жана күнөөнү көп кылышчу. Пайгамбарлар аларга келишчү, Алланын динине чакырышчу, бирок израилдиктер аларды угушчу эмес. Алар ушунчалыкка жетти, ал эмес пайгамбарларды алар акыйкатка чакыра баштаган жерден эле  биринин артынан бирин өлтүрө баштады. Израил эли наадандыкты илимдүүлүктөн, күнөөнү такыбалыктан артык көрүп калышты.

Мариям уулун алып кетти, анткени ал,  израилдиктер Исаны, эгер анын келечектеги пайгамбар экенин билип калышса, өлтүрүп койоорун билчү. Качан Иса өсүп, жетилип калганда, Мариям уулу менен кайтып келди. Жаш жигит курагына жетип калган ал пайгамбарлык вазийпаны алды жана израилдиктерди Алланын динине чакыра баштады. Иса, башка пайгамбар жана элчилер сыяктуу эле чөлгө жалгыздап,  көп убактысын ибаадат кылуу  жана көп орозо кармоо менен өткөрдү.

Бир жолу Шайтан Исаны ибаадат жолунан чыгарууну чечти жана ага айтты: “Эгерде  Алла сени ушунчалык сүйө турган болсо, анда анысын текшер! Аскадан секир, эгерде ал сага камкорчулук кыла турган болсо, сөзсүз сени сактап калат”. Иса жооп берди: “О, каргышка калган Иблис! Кулдарын Алла сынайт,  кулдары өзүнүн Роббисин сынабайт”. Иса жаңы төрөлгөн кездегидей эле, бул жолу да шайтан Алланын пайгамбарына зыянын тийгизе алган жок.

Алла Тааланын мээрими менен Иса көп кереметтерди  көрсөттү. Ошол мезгилде Иса жашаган жөөттөрдүн падышалыгында, табыпчылык кеңири жайылган эле. Табыптар абдан сыйлуу жана урматтуу адамдар болуп эсептелчү. Иса табып эмес болчу, бирок ал колун тийгизээри менен эле адамдар коркунучтуу ооруларынан айыгышып, сокурлар көрүп, ал эми көп жылдан бери баспай, шал болуп жаткандар болсо, буттарына туруп басып кетишчү. Мындан тышкары, Куранда, Иса өлгөндөрдү тирилткендиги жөнүндө айтылган. Ал ылайдын бөлүгүн жууруп, канаттуу кушту жасап жана ага үйлөгөн. Ылайдан жасалган кушка жан кирип, жогоруга көтөрүлүп учуп кеткен. Ушунун бардыгы Алла Тааланын өкүмү менен иш жүзүнө ашырылган.

Иса өзүнүн чакырыгын улантып жатты жана көп убакыт өтпөй анын жанына ага эң берилген шакирттери жыйналды. Булар, аны ар дайым коштоп жүргөн жана  андан илим алышкан өзүнүн эң жакын он эки досу эле.

Бир жолу шакирттери Исага келишти жана анын кереметин суранышты. Алла аларга ар кандай дүйүм тамак-аш жасалган дасторконду түшүрүүсүн каалашты. Исага алардын суранычы жакпай калды, адам Аллага алар көрө турган кереметсиз эле ыйман келтириш керек, анткени Аллага ибаадат кылуу, Анын мыйзамдары менен жүрүү  — адамдарды Ал мына ушул үчүн жараткан. Шакирттери, Алла — ааламдардын Роббиси экендигинен биз эч кандай күмөн кылбайбыз, бирок Анын рахматынын даамынан таткыбыз келип жатат,   дешти. Ошондо Иса колдорун асманга көтөрдү жана дуба кыла баштады. Ал сураган нерсесин Алла тартуу кылып бергенче дуба кылды. Шакирттери Алла жиберген нерселерден даам таткандарына абдан бактылуу болушту. Бөлөк адамдар деле бул кереметтин күбөлөрүнөн болушту, бирок сый тамакка  жакындоого кедейлер менен оорулуулар гана батынышты. Израилдиктердин байлары жана текеберлери менменсинишип, сый тамактан даам татытуудан баш тартышты. Бул  сый тамактан даам таткан  ар бир киши сулуу жана сак-саламат болуп калды. Ал эми даам татпагандар болсо, эч нерсе деле болуп кетпегендей түр көрсөтүштү.

Алланын бөлөк пайгамбарлары сыяктуу эле, Иса дагы: “Бир Аллага    гана ибаадат кылгыла”, деген чакырык менен жиберилген. Израилдиктердин кээ бирлери тавхидди карманышчу, кээ бирлери болсо, муну карманып жаткандай гана түр көрсөтүшчү. Алардын жүрөктөрүндө ыймандын тамчысы да калган эмес, алар көп күнөө жасашчу жана текебер эле. Адамдардын көпчүлүгү Исага ыйман келтиришти. Ал эми текеберлери болсо, Исаны өлтүрүүнү каалашты. Бирок, Исаны эмне үчүн өлтүргүлөрү келишти, анткени Иса алардын бийлигине да, байлыгына да коркунуч келтирген эмес эле да? Алар Алланын пайгамбарын көрө албастыктарынын себеби, ал күнөө кылчу эмес, ак ниеттүүлүккө чакырчу. Ошондой эле ал Сулаймандын ибаадатканасында соодалашканга тыюу салчу, анткени ибаадатканалар бир гана ибаадат үчүн тургузулган. Аларга ушундай, Иса сыяктуу жаш адамдын алардын кемчиликтерин ачып, көрсөтүп жатканы  жакчу эмес.

Ибаадатканада кызмат кылгандар да Исаны жакшы көрүшчү эмес. Алар адамдардын сабатсыздыгынан жана  ишенчээктигинен рахат алышчу, жөнөкөй адамдарды эмнеге  болсо да ишендирсе болот эле. Илим адамдарда эмес,   Китептин ичинде турганда, эл бул ибаадаткананын кызматчыларына ишене беришчү.

Иса көп акыл-насаат жүргүздү жана адамдарга ааламдардын Роббиси жөнүндөгү акыйкатты баяндады. Ушундай жол менен, адамдар Алла жөнүндө көбүрөөк угушуп, акылдуу боло башташты. Аларга ибаадаткананын кызматчыларынын ачуулуу жана жалганчы адамдар экени белгилүү боло баштады.

Алла Исага Инжил аттуу китепти насип кылды. Бул китепте, келечекте улуу пайгамбардын келээри жана анын артынан бардык уруулардын ээрчий тургандыгы жөнүндө кабар берилген. Албетте, анда сөз алты узак кылымдан соң, дүйнөгө Мухаммад пайгамбардын келээри жөнүндө жүргөн.

Исанын жана ага ыйман келтирген алгачкы мусулмандардын душмандары, пайгамбарды өлтүрүүнү чечишти. Алар пайгамбардын үстүнөн аны ушактаган арыз жазышып, ага жалгандан коркунучтуу күнөөлөрдү илишти.

Иса ага коркунуч туулуп жатканын билген жана Алла аны жамандыкка таштап койбосуна ишенген. Акырында, адамдар келишип аны камакка алып, өлүм жазасына тартуу үчүн анын эшигин талкалоого киришип жатышты. Исанын шериктери Алланын пайгамбарына кандай кылабыз, деген суроо менен кайрылышты. Ошондо, Иса шериктерине,  ким анын кебетесин алуу менен, бул сыноого  даяр болот, деген суроо менен кайрылды.  Алланын элчиси, ким ушул сыноону өзүнө алса, Алла Таала ага бейиште Исанын жанынан орун берээрин билдирди. Анын чакырыгына шериктеринин эң жашы даяр болду жана бул улуу ишти өзүнө алды. Ошол замат көктөн периште түшүп келди жана Исаны ачылган асмандарга алып кетти.

Пайгамбардын жаш шериги камакка алынды жана өлтүрүлдү. Ал өзүнө эң оор сыноону алды жана мунусу үчүн бейиште Алланын пайгамбарларынын жана элчилеринин  даражасына чейин көтөрүлөт.

Өзүнүн  жакын адамдарынан башка эч ким Иса пайгамбардын ордуна анын жаш шериги өлтүрүлгөнүн билген жок. Алла болсо, Исаны карасанатайлардан сактап тирүү жана аман-эсен бойдон Өзүнө алып кетти.

Көп жыл өткөн соң элдер, Иса өзү насаатында айтып жүргөн кудай экен, деп чечишти.  Алар Иса – бул Кудайдын уулу деп ойлошот да ага сыйына башташат. Алар анын сүрөтүн тартышып жана ага сыйынышат. Өкүнүчтүүсү, бул адамдар Исаны Алла жаратып  жана адамдарга акыйкатты ачуу үчүн жиберилген  киши эле экендигин унутуп калышты.

Ал эмес бүгүнкү күндө деле миллиондогон адамдар, Исаны кереметтерди көрсөткөн, анткени ал өзү Кудай болгон деп эсептешет. Бирок, пайгамбарлар жана элчилер деле кереметтерди көрсөтүшкөн жок беле?  Бул адамдар  Иса – Кудай, анткени ал атасы жок төрөлгөн, дешет. Ал эми Алла Таала Адам Ата пайгамбарды атасы да, энеси да жок жаратпады беле?

Акыйкатта, Алла туудурган эмес жана туулган да эмес жана Ага эч ким теңдеш эмес.

Иса пайгамбар дайыма керемет —  бул өзү кызмат кылган жана бардык иште ага баш ийген  Алланын кудуретинин бир көрүнүшү экендигин айтып жүргөн.

Исаны Алла асмандарга алып кеткен, бирок тарых ушуну менен эле бүтүп калбайт. Билгиле, жакында анда биз жашап жаткан жерге түшүп келүү жана көптөгөн жакшы иштерди жасоо милдети турат!

Иса Аллага көтөрүлүп кеткенден бир топ кылым өткөн соң келген Алланын Элчиси Мухаммад, ага Алланын салам жана салаваттары  болсун, келечекте адамдарды кыйын күндөр күтүп турат, деп айткан. Жер жүзүндө көптөгөн капырлыктар болот. Мусулмандар жамандык менен күрөшөт, бирок күчтөрү жетишпейт. Алар бузукулукту  токтотууга аракет кылышат, бирок капырлар тарапта Дажаал аттуу кубаттуу душман болот.

Дажаал көптөгөн жерлерди басып алат жана бузукулукту таратуу менен башкарат. Ал өзүн өзү Жараткан Алламын деп жарыялайт жана адамдарды туура жолдон чыгарат. Анын колунда мурда жер жүзүндөгү бир да карасанатайда болбогон бийлик болот.  Алланын Элчиси, ага Алланын саламы жана салаваттары болсун, мусулмандарды Дажаалга жолугуудан эскерткен, анткени ал күчтүү болот жана андан сактануу керек.

Адамдарга мына ушундай кыйын учурда жер бетине улуу Иса пайгамбар кайтып келет. Анын келүүсү Дамаск шаарындагы мечитте күтүлөт. Ал, колдорунан эки периште кармаган бойдон түшөт. Ал башын түшүрүп жана көтөргөндө, андан тамчылар бермет сыяктуу таамп турат. Ал колуна кылыч алып, Дажаалды өлтүрөт, ошентип жердин бетин Алланын бузулган душманынан жана анын эң жаман жан жөкөрлөрүнөн тазалайт.

Андай болсо, Иса пайгамбардын тарыхы бүтө элек экен да. Бирок, Алла Тааладан башка эч ким Исанын качан келээрин билбейт.

Качан Иса пайгамбар келгенде, ал мусулмандар менен бирге эле, Алланын Элчиси Мухаммад,  ага Алланын саламы жана салаваттары болсун,  үйрөткөндөй намаз окуйт. Иса, Мухаммад пайгамбар, ага Алланын саламы жана салаваттары болсун,  өзүнөн кийин калтырган мыйзамдарына баш ийет.

Дажаалды жеңгенден кийин жер бетинде тынчтык жана жыргалчылык орнойт. Исанын падышалыгында бардык адамдар ынтымакта болот. Арыстандар төөлөр менен бирге, жолборстор уйлар менен бирге, карышкырлар койлор менен оттошот. Балдар болсо жыландарды кармап ойношот, бирок алар балдарга зыян тийгизбейт.

Жерге айтылат: “Өзүңдүн мөмөлөрүңдү чыгар жана берекеңди төк”. Он адам бир анарга тоюнушат жана анын кабыгына көлөкөлөшөт. Сүт ушундай берекеге ээ болот, адамдардын чоң тобу бир төөнү саап, анын сүтүнө тоюнушат, бир уйдун сүтү бир уруу элге жетет, ал эми бир койдун сүтү болсо – бир үй-бүлөгө. Ачуулануу жана көрө албастыктар болбойт. Адамдар бири бирине байлыктарын сунуш кылышат, бирок эч ким аны албайт.

Иса пайгамбар жер бетинде кырк жыл жашайт, андан соң  өлөт жана Мадинага – Мухаммад пайгамбардын шаарына коюлат.

Алла Таала Иса пайгамбарды жана анын энеси – такыба Мариямды жалгасын!

 

Булак: «Пайгамбарлар кысасы» китебинен.