Юсуф (а.с)дын демейки түштөргө окшобогон түшү

Касиеттүү Курани Каримде Алла Өзүнүн пайгамбарлары жана элчилери жөнүндө көп айтат. Алла жөнүндө илимди жеткирүү вазыйпасы берилген бул улуу адамдар, бардыгына өрнөктүү үлгү болуп эсептелишет. Бүгүн биз, Касиеттүү Курандын бүтүндөй сүрөсү анын ысмы менен аталган Алланын пайгамбары жөнүндө билебиз. Ал Юсуф алейхис салам пайгамбар. Келгиле, урматтуу окурмандар, биз ал киши менен таанышалы жана анын жашоо тарыхынf көз жүгүртөлү.

Юсуфтун атасы Якуб аттуу Алланын пайгамбары эле. Якуб Ибрахим пайгамбардын небереси жана Исхак пайгамбардын уулу болчу. Ал өзүнүн үй-бүлөсү менен Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан Ханаан деген жерде жашачу. Юсуф ушул өлкөдө, көп бүлөлүү үй-бүлөдө төрөлдү. Анын он бир бир тууганы бар эле, Жана алардын ичинен өзүнөн бир гана Беньямин деген бала кичүү болчу

Биз болочоктогу пайгамбар Юсуфтун ата-тегине үстүртөн көз чаптыруу менен эле, алардын карапайым эмес, Алла Таала даражаларын көтөргөн, урматтаган кишилер экенин билебиз. Юсуфтун атасы да, чоң атасы да жана бабасы да Алланын улуу пайгамбарларынан болчу.

Якубдун уулдарынын бардыгы тең атасын жакшы көрүшчү жана анын көңүлүн таап ага жагууга жана сүйүктүү болууга аракет кылышчу. Якуб дагы уулдарынын бардыгын эле жакшы көрчү, бирок, көбүнчө ушундай болот эмеспи, кичүү балдарына бир аз артыгыраак көңүл бөлүп, көбүрөөк камкорчулук кылчү. Якуб бөтөнчө Юсуфту жакшы көрөөр эле. Улуу балдарынын буга ичтери тарып, бара бара Юсуф менен Беньяминге көрө албастык кыла баштады.

Күндөрдүн биринде Юсуф укмуштуудай ажайып түш көрдү. Бул түш демейки түштөргө окшош эмес эле жана Юсуф көргөн түшүн атасына жорутуп алуу үчүн ага  ашыгып барды.”О, атаке! – деди ал. – Акыйкатта, мен түшүмдө он бир жылдызды, күндү жана айды көрдүм, бардыгы тең мага сажыда кылып жатышыптыр”. Атасы жооп берди: “О, уулум! Бир туугандарыңа бул түш жөнүндө айтпагын”. Якуб уулуна эгер алар бул түш жөнүндө биле турган болушса, шайтандын азгырыгы менен ага жамандык кылышаарын түшүндүрүп берди.

“Менин Роббим сени пайгамбар кылып тандайт жана түштөрдү жоруганды үйрөтөт, сага жана Якубдун тукумуна мурда Ибрахим жана Исхак бабаларыңа төккөндөй, Өзүнүн кемел рахмат-мээримин төгөт” – деп билдирди Якуб сүйүктүү уулуна.

Алла Юсуфту пайгамбар кылып тандады жана Якубдун тукумуна өзүнүн рахмат-мээримин ушул Юсуф аркылуу берди. Якуб Юсуфтун бир туугандарынын ансыз деле ага ичтери күйүп жүргөнүн билген, анткени атасы Юсуфка артыгыраак көңүл бөлчү. Эми болсо, Юсуфтун Алланын пайгамбары болоорун биле турган болушса, бир туугандарынын инисине болгон көрө албастыктары мурункудан да күчөөрүнөн корккон.

Күндөр өтүп, бир туугандардын көрө албастыгы басылган жок, шайтан болсо аларды тынбай азгырып жатты. Акыры, алар Юсуфту жок кылмай болушту.

Якуб пайгамбар бир туугандарынын Юсуфка жамандык кылаарын билген, ошондуктан аны жалгыз калтырбоого аракет кылчу. Күндөрдүн биринде бир туугандар Якубга келишти да, талаага барып ойноп келебиз деп, аны Юсуфту алар менен бирге жиберүүгө көндүрө башташты.

Якуб буга: “Акыйкатта, эгер Юсуфту алып кете турган болсоңор, мен капа болом, жана силер аны карабай коюп, аны карышкыр жеп кетээринен корком”, деп көпкө чеиин макулдуган берген жок,

Бирок, Юсуфту биз жакшы көрөбүз жана ага бир гана жакшылык каалайбыз, деп атасын ишендире беришти. Алар аны көз жаздымыбыздан калтырбайбыз, деп убада беришти, акыры Якуб каршылык кылбай макулдугун берди.

Бир туугандар кетишти, Якуб болсо, ошол күндөн баштап Юсуф менен көп жылдарга ажырашып жатканын ойлогон  жок.

Качан Якубдун уулдары ойлогон ойлорун ишке ашырууга даяр болушканда, алардын бири, Юсуфту өлтүрүштүн кереги жок, деди. Ал Юсуфту кудуктун ичине таштап коюуну сунуш кылды жана ошол жерден өтүп бара жаткан соодагерлер аны сөзсүз таап алышат да, өздөрү менен бирге алып кетишет, деди. Ушундай кылганда алар Юсуфтан да кутулушат жана аны өлтүрүп анын күнөөсүн моюндарына жүктөп  алышпайт. Кеңешип көрүшүп, алар дал ушундай кылууну чечишти.  Бир туугандар Юсуфка ичтери күйүп,  аны көрө алышчу эмес, бирок бири дагы киши өлтүргүч болгусу келген жок. Алар бир гана аталарынын көңүлүн табууну, атасы Юсуф менен Беньяминди кандай жакшы көргөн болсо, аларды да ошондой жакшы көрүүсүн каалашты.

Юсуфту кудукка таштап, бир туугандар атасына кайтып келишти. Атасына  алар талаада ойноп жатканда, Юсуфту карышкыр жеп кеткендиги жөнүндө суук кабарды угузушту.  Далил иретинде тытылган козунун канына боёлгон Юсуфтун көйнөгүн көргөзүштү.  Якуб балдарынын айткан бир дагы сөзүнө ишенген жок. Ал бул иштин,  мурдатан эле Юсуфка жамандык каалап жүрүшкөн уулдарынын эле колунан келгенин билген.

“Сен бизге ишенбейсиң, биз чындыкты айтып жатсак да” – деп жандарын жеп калп айтып жатышты алар.

Бирок, атасы мунун бардыгынын себеби болуп, алардын Юсуфка болгон көрө албастыктары экендигин билген. Якуб сабыр бере көр деп Аллага кайрылды, бирок көздөрүнөн жашы токтобой агып жатты. Ал абдан кайгырып жатты, бирок жүрөгүнүн тереңинде, качандыр бир убакта Юсуфту тирүү көрөмбү, деген  үмүт жатты.

Алланын мээрими менен Юсуф өлгөн жок. Алла ага келечекте өзүнүн үй-бүлөсү менен кошулаарынын илимин аян кылды, ошондуктан, бала жашоосуна кам санаган жок.

Жаман ойлор адамдарга эч качан пайда алып келбейт, көрө албастык болсо, аларды Алла жек көрө турган амалдарга түртөт. Юсуфтун бир туугандары баштарынан, атасы кичүү бир тууганын аларга караганда жакшы көрөт деген ойду кетире алышкан жок. Алар ачууга алдырышып, коркунучтуу кылмышты жасоого даяр болушкан. Аларда калган акыл-эстүүлүктүн бир аз калдыгы гана аларды эң чоң күнөө – киши өлтүрүүдөн сактап калды. Анын үстүнө, алар жасаган иши менен атасынын көңүлүн таба алышкан жок. Эми болсо атасы аларды жакшы көрүп,  эркелетүүнүн ордуна, керээли-кечке Юсуфту ойлоп, куса болуп,  айрылуунун кайгысын тартып жатканын көрүшүүдө. Алла биздин ар бирибизди көрө албастык менен ачуунун туткунунан сактасын.

Кичинекей Юсуф кудуктун ичинде олтуруп, Алланын жардамы качан келээрин күтүп жатты. Бир канча убакыт өткөндөн кийин кудуктун жанына Египетке бара жаткан соода кербени келип токтоду. Чаңкагандарын басуу үчүн кудуктан суу алганы жатып алар кудуктун түбүнөн бир баланы көрүштү. Соодагерлер Юсуфту кудуктан тартып алышты да, Египетке алып барып сатып жиберүү үчүн, өздөрү менен кошо алып кетишти.

Өмүрүбүздө бизге оор жана жагымсыз сезилген окуялар кездешет эмеспи. Бирок, бизге эмне жакшы жана эмне жаман экендигин акыйкатта жалгыз гана Алла билет. Кээде Ал бизге ушундай бир сыноолорду жиберет, учурунда биз аны туура баалай албайбыз, жана алар биздин пайдабыз үчүн гана экендигин да түшүнө албайбыз. Бирок,  ал кыйынчылыктарды жеңүү менен, биз күчтүүрөөк болобуз жана Алланын алдында даражабыз дагы өсөт.

Бизге Юсуфтун кулдукка сатылуусу жамандыктай болуп сезилет, бирок, бир аз өткөндөн кийин, эч андай эмес экендигин көрөбүз.

Келечектеги пайгамбарды алып кеткен соодагерлер Египетке жетишти. Алар баланы кымбат баага сатууну көздөштү. Бирок, соодалары жүргөн жок. Капысынан келген табылга аларга көп пайданы алып келген жок.

Соодагерлер Юсуфту Египеттин падышасынын чоң кызматында турган  жергиликтүү төрөгө болгону бир нече дирхамга гана сатышты.

Юсуфту сатып алган төрө жакшы адам эле. Баланы алып келип, аялына Юсуф жашай турган  өзүнчө бөлмө бөлүп берүүгө буйрук кылды.

Алла Куранда качан Юсуф төрөнүн үйүнө туш болгондо, анын абалын жакшырттым деп айткан. Бул деген мындан ары Юсуф керектүү нерсенин бардыгы менен камсыз болду жана жокчулуктун каабын тартпайт дегенди билдирет. Анткени төрө аз эмес байлыкка ээ эле. Мындан тышкары, үй ээси аялына Юсуфту балким, өзүбүзгө бала кылып асырап алабыз, деди.

Ошентип, Юсуф өтөй турган кулчулук, ал үчүн жакшылык жагына  айланды.

Убакыт өтүү менен бала чоңойду жана чымыр уланга айланды. Ислам уламыштарынан биз дүйнө жүзүндө андан өткөн сулуу эркек болбогонун билебиз. Алла адамзат сулуулугун Юсуф жана калган адамдардын ортосуна бөлүштүргөн. Жарымын Ал Юсуфка тартуулап,  жарымын болсо калган адамдарга калтырган. Алланын пайгамбарынын сулуулугун сөз менен сүрөттөп болбойт эле, ал эми ыймандын нуру менен нурданган анын жүрөгүнүн сулуулугу, андан да сулуу, андан да сонун болчу.

Юсуф төрөнун колдоосунда жана камкорчулугунда, анын үйүндө иштеп жүргөн учурда, Алла ага жаңы сыноо жиберди.

Төрөнүн аялы Юсуфтун кандай сулуу улан болгонун көрүп, ага көңүлүн көбүрөөк бура баштады. Ал Юсуфту көпкө карап калчу болду, бирок Юсуф бул көз карашты жоопсуз калтырып жатты. Ал төрөнүн үйүндө жашап, аны сыйлачу жана күнөөдөн сактанчу. Убакыттар өтүп төрөнүн аялы Юсуфка ашык болуп калды.

Күндөрдүн биринде аял Юсуфту бөлмөсүнө чакырып, ал кирээр замат эшикти бекитип койду. Аял аны кучактамакчы болду, бирок Юсуф буга каршылык кылды. Алла  Юсуфту жубайы болбогон чоочун аял менен тийишип кетүүдөн сактады. Юсуф аялга анын күйөөсүнүн ага  жакшы мамиле кылаарын, ошондуктан аял эңсеген нерсенин болуусун каалабасын билдирди. Ал бөлмөдөн тышка чыгууга умтулду, бирок төрөнүн аялы анын көйнөгүнүн артынан кармап калууга үлгүрдү. Юсуф эшикти көздөй жулкунганда, көйнөгү аркасынан айрылып кетти. Кирип келген төрө өзүнүн аялы менен Юсуфту ушул абалда көрдү. Аял бул болуп кеткен ишке уланды күнөөлөй баштады, бирок төрө буга чындыгында кимдин күнөөлүү экенин түшүндү. Уландын көйнөгү алды жагынан эмес арка жагынан айрылган, бул деген Юсуфтун чыга качып кетүүгө умтулганын көрсөтүп турган. Төрө аялынын бул кылык-жоругуна аябай ачуусу келди жана ага Алладан кечирим суроого буйрук кылды. Мына ушинтип, Алла Таала ак-ниет уландын абийиринин төгүлүүсүнө жол берген жок.

Юсуфтун мындан ары бул үйдө калуусуна мүмкүн болбой калган.

Төрө чыныгы күнөөкөрдүн ким экендигин билсе да, ашыкча ушак-айың, кеп-сөздөрдөн сактануу үчүн, Юсуфту убактылуу зынданга салды. Бирок, бул камак көп жылдарга созулду.

Юсуф түшкөн зынданда өзүнөн башка камалган дагы эки киши бар эле. Бул адамдар Юсуфтун боорукер, адеп-ахлактуу мусулман экенин көрүштү, ошондуктан алардын ортосунда достук мамиле орноду.

Күндөрдүн биринде анын зындандаштары эч бир жоруп болбой турган таң калыштуу, кызыктай бир түш көрүштү. Бирөө түшүндө шарап ачыта турган тепшиде жүзүм тебелеп жатканын, экинчиси, канаттуулардын башындагы нанды чокулап жатканын көрөт. Экөө Юсуфтан бул эмне дегендикти билдирээрин сурашты.

Юсуф алардын түшүн жоруп берүүгө ашыккан жок. Анын ордуна, ал экөөнү тавхид жолуна түшүүгө жана  бир Аллага гана  ибаадат кылууга чакырып даават кылды. Белгилүү болгондой, ааламдардын Роббисинин динине чакыруу бардык пайгамбарлардын жана элчилердин вазыйпасы болуп эсептелет, ошондуктан Юсуф маекти дал ушул маңыздан баштады.

Бир аз ойлонушкан соң, камактагы эки адам акыйкат динди кабыл кылышты, ушундан кийин гана Юсуф алардын түштөрү жөнүндө айта баштады. Алардын бирине, анын көп өтпөй зындандан бошоорун, жана падышанын ордосунда шарап куйгуч болоорун билдирди, ал эми экинчисине болсо, өлүмдү  жоруду. Ал, Алланын тагдырындагы жазуунун болоорун жана андан качып кутулуунун мүмкүн эместигин айтты.

Ошентип, түш Юсуфтун бир жолдошуна жакшы кабарды алып келди, ал эми экинчисине болсо кайгы болду. Бирок, дүйнөдөн мусулман болуп өткөн адам, түбөлүк дүйнөнүн азабын тартпайт жана Алла адамдардын жүрөгүндө эмне бар экендигин билет. Ыймандуу адам, шек-күмөнсүз, келечек дүйнөдө бактылуу болот.

Юсуф жакында боштондук бериле турган адамдан, өзүнүн кожоюнуна ал жөнүндө айтып коюсун суранды. Адам Юсуфка жардам берүүгө убадасы берди, бирок зындандан чыгаар замат ал убадасын унутуп койду. Пайгамбарга камакта дагы бир топ жыл өткөрүүгө туура келди.

Жашообуздагы көп окуялар бизге кайгы жана бактысыздыктай болуп сезилээрин айтып өткөнбүз, Ал эми кийин болсо, артыбызды карап, биз бардык кыйынчылыктар бизди күчтүүрөөк кылаарын түшүнөбүз.

Юсуф зынданда жашады, азап-кордукту, ыңгайсыздыктарды башынан өткөрдү, бирок ар дайым Алла Тааланы даңктады жана тагдырына даттанган жок. Зынданда өткөрүлгөн  ар бир күн, Алла Тааланын астында анын даражасын гана көтөрүп жатты. Бир жолу камактан бошогон шарап куйгучтун кожоюнуна түш жоруй турган адам керек болуп калды. Бул мындайча болду.

Күндөрдүн  биринде түндөсү Египеттин падышасы түш көрдү: жети арык уй жети семиз уйду жеп жатыптыр, ошондой эле эгиндин жети жашыл башын жана жети куураган башын көрдү. Түш ушунчалык жандуу болгондуктан, падыша тынчын жоготуп койду. Ал букараларына көргөн түшүн жоруп берүүгө буйруду. Бирок,  Египет боюнча падышанын көргөн түшүнүн маанисин түшүндүрүп,  жоруп бере турган бир дагы адам табылбай жатты.

Бул кабарды угуп, Юсуф менен зынданда бир болгон адам падышага түштү жоруп берээрин билдирди. Ал Юсуф жаткан зынданга алып барууну өтүндү. Пайгамбарга кирип, шарап сузгуч  Юсуфка падышанын көргөн түшүн айтып берди. Падышанын көргөн түшүн угаар замат Юсуф Египетке жети түшүмдүү жыл келээрин, андан соң жети жыл кургакчылык болоорун айтты. Юсуф түшүмсүз жылдары ачарчылыктан аман-эсен чыгуу үчүн, түшүмдүү жылдары эгинди мол камдап, сактап коюуга кеңеш берди.

Египеттин падышасын бул жооп канааттандырды. Ал Юсуф менен көзмө-көз таанышууну каалады, бирок, пайгамбар анын күнөөсүздүгү далилденмейинче падышага баруудан баш тартты.

Египеттин падышасы Юсуфтун зынданда жалган жалаа менен жаткандыгын териштирүүгө буйрук кылды, андан соң көп өтпөй адамдар чындыкты угушту.

Төрөнүн аялы Юсуфтун күнөөсүз экендигин мойнуна алды. Күнөөсүз, кулк-мүнөзү жакшы уланга жалаа жапканына катуу өкүнүп, Аллага көп тообо кылды.

Акталган Юсуф кутулуп, эркиндикке чыкты. Египеттин падышасы аны кабыл алып, ага мамлекеттин казынасын башкара турган кызматты ыйгарды.

Ойго да келгис нерсе, Юсуф көп жыл зынданда жатып, акыры Алла анын даражасын көтөргөнү ушунчалык, сан жеткис байлыкты башкара баштады! Боорукер пайгамбар басып өткөн жолунда кезиктирген  бардык кыйынчылыктарды, Алла Таала татыктуу абал жана сый-урмат менен алмаштырып койду. Адамдардын арасынан ким сабыр кылып, Алланын мыйзамы менен жашай турган болсо, ааламдардын Роббиси аны көтөрүп, ардактуу кылып коёт.

Египетке бардык жерден соодагерлер келише турган. Ачарчылык жылдары мамлекет кампасына өзүнүн элине да жеткиликтүү жана тышка да соода кыла турган эгинди мол камдап койгон болчу.

Ошентип, Юсуф жашаган жерге качандыр бир кезде аны кудукка таштап жиберген анын бир туугандары келип калды. Алар эгин сатып алгылары келген, анткени кургакчылык алардын мамлекетин да каптаган эле.

Юсуф өзүнүн бир туугандарын тааныды, бирок алар аны таанышкан жок. Алар бүтүндөй мамлекеттин казынасын башкарган дөөлөттүү, бай төрө алардын бир тууганы болуп калаарын күтүшкөн эмес.

Анын үстүнө, азыр Юсуф келбеттүү адам болгон, андан бир кезде өздөрү кудукка таштаган баланы таанууга мүмкүн эмес эле.

Анын он бир тууганынын бардыгы келишкен, бирок Юсуф алардын арасынан иниси Беньяминди көрө алган жок.

Эгинди камдап алышкан соң, бир туугандар кайтууга жолго даярданып калышты. Жолго чыгаардын астында Юсуф аларга жолугуп, кийинки келиште кенже инисин өздөрү менен кошо  ала келүүлөрүн милдеттендирди. Эгер анын талабын аткарбай турган болушса,  аларга эгиндин берилбесин эскертти. .

Өздөрүнүн жергесине  жетип алышкан соң, бир туугандар египеттик төрөнүн таң калаарлык талабын угузушту. Якубду бул нерсе өтө бушайман кылды. Эмне үчүн Египеттин казыначысы өмүрүндө көрбөгөн Беньяминге кызыгып калды? Якуб уулун Египетке жиберүүдөн таптакыр баш тартты. Улуу балдары болсо инисин алар менен кошо жиберүүгө атасын көндүрө баштады. Якуб болсо, Беньямин дагы көп жылдар күйүтүн тарткан Юсуфтун тагдырына ортоктош болуп калуусунан коркуп, макулдугун бербей жатты.

Якубдун уулдары атасынын эмнеден чоочулап жатканын билишкен, бирок, Египеттен азык-түлүк сатып келбей турган болушса, алардын бардыгын  ачкалыктан өлүү коркунучу күтүп турган. Анын үстүнө атасы Беньяминди алардын бардыгынан көбүрөөк жакшы көрөөрүн сезишсе да, бир туугандардын бири дагы Беньяминге жамандык каалашчу эмес.

Акыры, Якубга уулдарынын өтүнүчүнө макул болууга туура келди. Бирок, ал Беньяминди аман-эсен алып барып келебиз деп уулдарынын ар биринин ант берүүсүн талап кылды. Уулдары ант беришти да, жолго чыгышты.

Египетке жетишкен соң, бир туугандар эгин сатып алып, өздөрү менен алып барган малдарын сата башташты. Бардыгы эн сонун бараткан, бирок, иштерин бүтүп шаардан чыга бериште, капысынан аларды шаардын сакчысы токтотуп калды. Аларга казыначынын суусун ичүүчү идиши жоголгонун, ошондуктан шаардын аймагынан чыга турган ар бир кишини текшерип жаткандыгын айтышты. Идиш Якбдун кенже баласы Беньяминдин таңылчагынан чыкты.  Бир туугандар буга  айран-таң калышты. Кандайча Беньмин ууру болуп калат? Бирок, Беньяминди алып калууга себеп табуу үчүн, каргашалуу идишти анын  таңылчагына байкатпай салып коюуга Юсуфтун буйрук кылганы аларга белгисиз эле.  Ал иниси Беньяминди соттоону да, жазалоону да каалаган эмес, бирок аны өзүнүн жанына алып калуунун башка ылаажысы жок болчу.

Бир туугандар атасынын алдына ага берген анттарын бузмайынча бара албасын түшүнүштү, анткени Беньямин азыр Египетте калат эмеспи. Бир туугандардын улуусу Якубдун көзүнө көрүнбөс үчүн, иш чечилгенче, Египетте калууну чечти.

Калган бир туугандар үйлөрүнө кайтып келишти. Алардын арасында Якубдун улуу уулу менен кенже уулу жок эле.

Болгон окуяны уккан соң Якуб кайгы-муңга чөмүлүп, ыйлап олтуруп көзү көрбөй калды. Анын кайгысын эч бир нерсе баса албады. Ал уулдары мурункудай эле карасанатайлык кылды деп ойлоп жатты. Бирок, бул жолу Беньяминдин Египетте калып калганына алардын күнөөсү жок эле. Акыры айлалары кетип, алар кайрадан Египетке кайтып барышты да, Юсуфка киришти.  Бир туугандар Юсуфтун ырайымдуулук кылып, Беньяминди алар менен коё берүүсүн өтүнүп жалынышты. Алар атасынын өтө карыганын жана Беньяминдин кайтып барбасын уккан соң кайгы-муңга алдырганынан көздөрү көрбөй калганын айтышты.

Бул сөздөрдөн Юсуфтун жүрөгү солк дей түштү да, аларга өзүнүн чындыгында ким экенин айтып берди. Бир туугандардын таң калуусунун чеги жок эле! Алардын алдында Юсуф турган, бирок азыр ал кичинекей бала эмес, чоң киши эле. Жана анын аларды эмне кылууну кааласа ошону кыла турган бийлиги бар  болчу. Бирок, Юсуф   өткөн иш үчүн кек ала тургандардан эмес эле. Ал бир туугандарын өткөн кылыктары үчүн  кечирди жана аларды үйлөрүнө коё берди. Эгин жана мал-мүлк менен кошо Юсуф, атасы Якубга  берип коюуну буйруп,  аларга өзүнүн көйнөгүн дагы берди.

Качан Якубдун уулдарынын кербени үйгө жакындаган сайын, атасы тааныш жытты сезе баштады. Бир туугандар алып келе жаткан көйнөктөн атасына уулунун өтө тааныш жыты чыгып жатты. Якуб, эгер аны акылынан айныган деп ойлошоорунан коркпогондо, уулу Юсуфтун жакын экендигин жарыя кылмакмын, деп айтты. Карыя уулдарынан Юсуфтун аман-эсен жана  Египетте чоң кызматта экендигин укту.

Юсуфтун буйругу менен бир туугандар анын көйнөгүн Якубдун бетине жабышты жана ал ошол замат көрүп калды. .Атасын сокурлуктан куткаруу, Юсуф пайгамбардын, ага Алла Таала тараптан берилген мужизасы эле.

Арадан көп убакыт өтпөй Якубдун үй-бүлөсү Египетке жол тартышты. Шаарга кирээри менен атасы, апасы жана он бир бир тууганы ошол байыркы доордун адатына ылайык, Юсуфка сый-урматтын белгиси катары таазим кылышты. Азыр гана Юсуфка ал бала кезинде көргөн, Күндүн, Айдын жана он бир жылдыздын ага таазим кылып жатышкандыгы жөнүндөгү түшүнүн акыйкаты белгилүү болду.

Ошондон баштап Якубдун үй-бүлөсү Египетке жайланышты, ал эми анын он эки уулу болсо, Исраил элинин он эки уруусунун башталышын берди.

Бул Юсуф пайгамбар жөнүндөгү кысадан биз кечирим өч алуудан жакшыраак экендигин, анткени бул улуу амал менен адамдар оңолоорун жана душмандар жакын достордон болоорун билдик. Жана ошондой эле биз Аллага ишенүү жана сабыр кылуу, кыйынчылыкты жана көйгөйлөрдү жеңилдикке жана жакшылыкка айландыраарын көрдүк.

Булак: “Пайгамбарлар кысасы” китебинен.