Замир каары Ракиев: Умра ибадатын аткарып жүргөн кыргызстандык зыяратчыларга атайын сабактар уюштурулууда

Мекке шаарында умра ибадатын аткарып жүрүшкөн кыргызстандык зыяратчыларга атайын сабактар уюштурулууда. Бул туурасында жеринде Азирети Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев билдирди.

«Зыяратчыларыбыздын бош убактыларын текке кетирбестен алар үчүн умра ибадаты боюнча атайын сабактарды уюштуруп атабыз. Ыйык жерге баргандан кийин ар бир күндү туура жана пайдалуу өткөрүшүбүз керек»,- Замир каары Ракиев.