ФОТО-Сауд Араб Падышачылыгы кыргызстандын ажылыкты уюштуруу ишине «эң жакшы» деген баасын берип, 6110 квота бөлдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман Машад менен жолугушуп, 2019-жылдагы ажылыкты талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстандын 2019-жылы ажылыкты мыкты уюштургадыгын айтып,  өзүнүн «эң жакшы» деген баасын берди.

Муну менен катар тараптар 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча пикир алышып, жаңы өзгөчөлүктөргө, САПтын ажылык министрлигинин электрондук системасы боюнча сүйлөшүштү. Жолугушуунун соңунда  тараптар 2020-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, САПтын ажылык министрлиги кыргызстанга 6110 квота берилгендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн достук алакаларынын бекемделе беришин Жараткандан сурап дуба кылышты.

Эскерте кетсек, 30-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич, КР Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев, КМДБнын башкы эсепчиси Жеңиш ажы Бекиев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев менен биргеликте Сауд Араб Падышачылыгын ажылык министрлигинин чакыруусу менен ыйык Мекке шаарына жөнөп кетишкен.