Талас шаарындагы жаштар «Жаштык» конушундагы муктаж беш үй-бүлөгө акысыз көмүр таратышты

Бүгүн, 31- декабрда Талас шаарынын Жаштык конушундагы беш үй-бүлөгө жаштардын демилгеси жана баш имам хатиб Алтынбек ажы Бешкемпировдун  катышуусунда муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук ирээтинде акысыз көмүр таратылды.
Кайрымдуулук кылышкан жарандар канча тонна көмүр тараткандыгын сыр бойдон калтырууну суранышып, мындай жардамдар улана берээрин кошумчалашты.

«Алла Таалам демөөрчүлүк кылып, жардам колун сунган жаш жигиттердин иштерине ийгилик берсин. Элибизде ушундай эл камын ойлогон азаматтарыбыз көбөйсүн. Ар бирибиз муктаждарга колубуздан келген жардамды бере берсек, алардын социалдык абалы жакшырат«— деди Талас шаарынын баш имам хатиби.

Аз камсыз болгон бир үй-бүлөлөр көмүр тараткан жарандарга жана Талас шаарынын баш имам хатибине терең ыраазычылыктарын билдиришип, ак баталарын беришти.