Манас районунун Покровка айылынын имамынын демилгеси менен психоневрологиялык интернатка эт азыгы тапшырылды

Бүгүн, 31- декабрда Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылынын борбордук мечитинин имамы Жаныбек Акбаевдин демилгеси менен демөөрчүлөр айылдагы психоневрологиялык интернатка эт азыгын тапшырышты.

«Акыркы убакта хатибият жана жалпы имамдар тарабынан интернатка тез-тезден жардамдар көрсөтүлүп келет. Дин кызматкелери дайыма демилге көтөрүшүп, демөөрчүлөрдүн жардамы аркасында интернатка жакындан жардам берүүгө аракеттерин кылшууда»- деди баш имам хатиб Миржалал ажы Дадабаев.
Өз кезегинде интернаттын директору Асан Сапаралиев райондук хатибиятка жана жалпы имамдарга өзүнүн  ыраазычылыгын билдирди.